«Кумтөр Голд» компаниясына бир айга чейин кен сактоочу жайдан, кенди иштетүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу Өнөр-жай, энергетика жана кайра иштетүү комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, комитет«Кумтөрдөн» 2020 — жылы жана андан кийинки жылдарда Чоң — Сары — Төр жана Кичи — Сары — Төр өрөөнүнө атайын долбоорду ишке ашырууну тездетүүнү талап кылды.
Ошондой эле ар түрдүү кырсыктардын алдын — алуу максатында, ишкана Чоң — Сары — Төр жана Кичи — Сары — Төр өрөөнүндөгү коопсуздук тууралуу илимий-изилдөө уюмдарынын уруксат чечимдерин алуусу керектиги кошумчаланды.
Эскерте кетсек, буга Кумтөрдө 2020-жылга тоо-кен казып алуу иштерине уруксат жок болгондугуна жана жардыруу ишинин убактылуу токтотулганы байланыштуу иш токтогон.