Украина Ирандан компенсация төлөп беришин талап кылат

Окуялар тизмеги 12 Янв 2020 09:03
0 ой-пикир

Украина президенти Владимир Зеленский Тегеранда кулаган МАУ компаниясынын жүргүнчү ташыган Boeing учагы боюнча Ирандын билдирүүсүнө жооп кайтарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Буга чейин Иран Тегеранда кулаган украиналык учакты “адамдын жаңылыштыгынан улам” кокусунан атып алганын моюнга алган.

«Украина Ирандан толугу менен күнөөнү мойнуна алышын күтөт. Ошондой эле расмий түрдө кечирим сурап, күнөөлүүлөр жазасын алып, компенсация төлөп беришин талап кылат», — деди Зеленский.

Эске салсак, 8-январь танга маал «Украина Эл аралык авиалиниясына» караштуу Boeing 737 Тегерандагы Хомейни аэропортуна жакын жерде кулаган.  Бортто 167 жүргүнчү болгон. Учакта тирүү жан калган эмес.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.