Москвада киши колдуу болгон кыргызстандык жаран боюнча КР Орусиядагы элчилиги билдирүү жасады.
Мекеменин маалыматына караганда, 25 жаштагы Адилет Байсабаевдин сөөгү үйүнө 6-январда жөнөтүлдү.
Эске сала кетсек, Байсабаев 31-декабрда бычак жеп каза тапкан. Киши өлүмү боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иши жүрүп жатат. Кыргыз элчиси бул ишти жеке көзөмөлгө алганын билдирген.
Маркумдун артында эки кичинекей кызы калды.