Элчилик: Москвада бычакталган кыргызстандыктын сөөгү жакынкы күндөрү үйүнө жөнөтүлөт

Окуялар тизмеги 05 Янв 2020 20:33
0 ой-пикир

Москвада киши колдуу болгон кыргызстандык жаран боюнча КР Орусиядагы элчилиги билдирүү жасады.

Мекеменин маалыматына караганда, 25 жаштагы Адилет Байсабаев 31-декабрда бычак жеп каза болгон.Учурда кылмыш иши козголуп, иш тергеле баштаган.

Аталган иш элчиликтин көзөмөлүндө экендигин жана маркумдун сөөгү мекенине тергөөчүнүн уруксатынан кийин алынып келинери маалымдалган.

Уруксат документтерин алуу тергөө иштеринин жүрүшүнөн жана эс алуу күндөрүнөн көз каранды экендиги да айтылган.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылы чет жактан 319 кыргыз жаранынын сөөгү келген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.