«Садырды абактан бошотуу жөнүндө президент менен сүйлөшкөм», — Ташиев

Окуялар тизмеги, Өлкө 03 Янв 2020 12:33
0 ой-пикир

«Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровду түрмөдөн бошотуу боюнча президент Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшкөнүн айтты. Бул тууралуу ал «region» телеканалына курган маегинде билдирди.

«Садыр Жапаровду абактан бошотуу жөнүндө Сооронбай Шарипович менен сүйлөшкөм. Ал кишинин Садыр тууралуу ою жаман эмес. Президент «муну мыйзам чегинде гана чечели» деп айтып жатат. «Мен бирөөгө бүгүн-эртең чыгарып кой. Же чыгарба дей албайм» деп айткан, — деди Ташиев.

Эске салсак, абакта жаткан мурдагы депутат Садыр Жапаров президентке октябрь айында ырайым сурап кайрылган. Сооронбай Жээнбеков ага ырайым берүү же бербөө маселесин жалгыз чечперин айткан. Бул тууралуу мамлекет башчысы жыл жыйынтыгы боюнча уюштурулган пресс-конференцияда билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.