Жогорку Кеңеш референдум өткөрүү боюнча жумушчу топ түздү

Окуялар тизмеги, Өлкө 30 Дек 2019 13:56
0 ой-пикир

Жогорку Кеңеш референдум өткөрүүнү талап кылган элдик демилге боюнча жумушчу топ түздү. Бул үчүн депутаттар 26-декабрда атайын токтом кабыл алды.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Таабалды Тиллаев «Азаттыкка» билдиришинче, буга чейин референдум өткөрүү талабы менен 10 миң адамдын колу топтолгон.

Жогорку Кеңеш эми мыйзамга ылайык, ошол топтолгон кол тамгаларды текшерүү үчүн жумушчу топ түздү.

Мындай жол менен Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча демилге парламенттин аянтчасына кирди.

Эске сала кетсек, буга чейин 2020-жылы Кыргызстандын баш мыйзамына кайра өзгөртүүлөр киргизилиши тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.