Дагы бир депутат супер президенттик башкаруунун жаралышына Текебаевди айыптады

Окуялар тизмеги, Өлкө 30 Дек 2019 09:25
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев Kabarlar.kg сайтына берген маегинде Кыргызстанда президенттер ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланышына шарт түзгөндөрдүн бири «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев экенин айтты.

Конституцияны Өмүрбек Чиркешович өзү жазган. Керек болсо президенттер бүгүнкүдөй ашыкча укуктарга ээ болушуна Текебаевдин өзүнүн салымы чоң. Биз президенттин укуктарын азайтабыз десек муну эл чечиши керек. Азыр президент тышкы саясатты аныктайт, башка маселелерге да жооптуу, — деди Исаев.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов Фейсбуктагы баракчасына “Өмүрбек Чиркешовичтин комментарийине комментарий” деген темада пост жарыялаган.

Ал Кыргызстанда парламенттик башкаруунун ишке ашпай калганына, супер президенттик башкаруу жаралышына Өмүрбек Текебаевди айыптаган болчу.

Эске сала кеьсек, Өмүрбек Текебаев 26-декабрда «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, президент Сооронбай Жээнбеков 25-декабрдагы пресс-конференциясында өкмөт аткарган иштерди «мен кылдым» деп премьер-министрдин ыйгарым укуктарын алып алганын айтып, Жээнбековду Баш мыйзамды бузбоого чакырган. Ал бийликти мыйзамдын чегинде иштөөгө үндөгөн.

Текебаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда бийлик узурпация болгонун, ал процесс да уланып жатканын билдирген.

Азырынча президенттин аппараты Текебаевдин айткандарына жооп бере элек. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.