Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Жаңы жыл майрамын белгилөөгө байланыштуу фатва жарыялады.
Анда «Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген жана бекитилген расмий майрамдарга карата дин кызматкерлери тарабынан тескери үгүт иштери жүргүзүлбөсүн» деп айтылат.
Буйрукту аткаруу милдети Муфтияттын түзүмдөрүндөгү бардык диний кызматкерлерге жүктөлдү.