Пенсиялык топтомду ипотека алууда өздүк салым катары колдонсо болот

Окуялар тизмеги, Өлкө 28 Дек 2019 16:34
0 ой-пикир

Пенсиялык топтомдору бар камсыздандырылган жактар топтомун ипотекалык насыя аларда өздүк салымы катары колдоно алышат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев пенсиялык топтомдорду төлөөнүн жаңы механизмдерин киргизүү боюнча өткөргөн кеңешмеде айтты. 

«Биз пенсиялык топтомдорду төлөөнүн жаңы механизмдерин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумундагы акыйкаттуулукту камсыз кылуу жана социалдык маселелерди чечүүдө жарандарга көмөк көрсөтүү максатында киргизип жатабыз. Анын ичинде, эми өзүнүн турак жайы жок камсыздандырылган жарандар, пенсиялык топтомдорун ипотекалык насыя боюнча баштапкы төлөмдү каржылоо үчүн пайдалана алышат. Мындан тышкары, Өкмөттүн бул чечиминин алкагында тиешелүү тизмеде көрсөтүлгөн оор илдеттерге чалдыккан камсыздандырылган жактар өздөрүнүн пенсиялык топтомдорун медициналык чыгымдарды төлөө үчүн пайдалана алышат,» — деди премьер-министр.

Жыйында пенсиялык топтомдордогу каражаттарды мөөнөтүнөн мурда алуу укугун берген оор оорулардын тизмеси Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте иштелип чыгып, тизмеге онкологиялык илдеттер дагы кирет.

Абылгазиев калктын актуалдуу социалдык маанидеги маселелерин чечүү Өкмөттүн артыкчылыктуу милдеттеринен экенин белгиледи. Бул багытта мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн механизмдерин жакшыртуу боюнча иштер туруктуу жүргүзүлүүдө.

Өкмөт мындан ары да жарандар үчүн актуалдуу социалдык милдеттемелерди чечүүдөгү мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн натыйжалуу механизмдерди ишке киргизерин Абылгазиев белгилейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.