Бишкек шаардык соту Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Равшан Жээнбеков 2020-жылдын 9-февралына чейин абакта болот.
Равшан Жээнбеков ушул жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта мурунку президент Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда барымтага алуу жана массалык башаламандыкты уюштуруу кылмыштарына тиешеси бар деп, 12-декабрда камакка алынган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 14-декабрда анын баш коргоо чарасын карап, 9-февралга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.