Жээнбеков «Феминнале» көргөзмөсү тууралуу: Бул — аялзатын мазактоо

Окуялар тизмеги, Өлкө 25 Дек 2019 15:36
0 ой-пикир

«Бул — аялзатын мазактоо», — деп билдирди Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынында Гапар Айтиев атындагы музейде өткөн көргөзмө тууралуу берилген суроого жооп берип жатып.

Анын айтуусуна караганда, аталган маселе коомду экиге бөлүп, ар кандай талаш-тартышты жаратты.

«Туура эмес окуя болду. Аял – бул биринчиден эне, кызыбыз, эжебиз, карындашыбыз, өмүрлүк жарыбыз. Илгертеден бери ата-бабабыз аялзатына аяр мамиле жасап келген. Биздин тарыхтагы сүрөттөрдү деле карасаңар, анда апа-эжелерибиз ак элечек кийип жүрүшкөн. Музейде аялдарды жылаңачтап коомчулукка чыгаруу — бул аялзатын кемсинтүү, мазактоо. Ал жакка барып, көрүүдөн мурда энелерибизди, эже-карындаштарыбызды ойлош керек», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Эске сала кетсек, көркөм сүрөт музейинде өткөн көргөзмөдө жылаңач денесин көрсөткөн кыздар социалдык тармактарда катуу талкууну жараткан.

2-декабрда музейдеги иш-чарага каршы болгон жарандык активисттер нааразылык акциясына чыгып, музейдин директору Мира Жангарачеванын кызматтан кетишин талап кылышкан.

Маданият министрлиги көркөм сүрөт музейинде денесин көрсөткөн кыздар катышкан иш-чарага каршы экенин, аялдардын укугун коргоону максат кылганы кабарланган бул көргөзмө министрлик менен кеңешилбей уюштурулганын билдирген.

Музейдин директору кызматтан алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.