Жалал-Абаддагы мунай базадан чыккан өрт саат бир саат аралыгында толугу менен өчүрүлдү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана каза болгондор жок.
Эске сала кетсек, кечээ 23-декабрда саат 16:01де Жалал-Абад шаарынын Шерматов көчөсүндө жайгашкан мунай базасынан өрт чыгып, саат 16:35те чектөөгө алынып, саат 16:52 толук өчүрүлдү.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.