Кыргызстан коомчулугу белгилүү кинорежиссёр, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Шамшиевди акыркы сапарына узатты.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.
Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Болот Шамшиевдин эмгегинин үзүрү «кыргыз керемети» доорунун ажырагыс бир бөлүгү болуп саналарын баса белгиледи.