Өкмөт башчы Ош жана Жалал-Абад областындагы социалдык объекттердин абалы менен таанышты

Окуялар тизмеги, Өлкө 21 Дек 2019 13:19
0 ой-пикир

Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапарынын алкагында бир нече социалдык объектти кыдырды.

Анын ичинде Өкмөт башчы Ош облусунун Араван районундагы Төбө-Коргон айылындагы ооруканага, Жалал-Абад № 1 поликлиникасына барды.

Премьер-министр бейтапканалардын медициналык жардам көрсөтүлүүчү бөлмөлөрүн жана имараттарын көрүп чыкты. Ал ошондой эле мекемелердин жамааттары менен маектешип, алар менен оорукана имараттарын капиталдык оңдоо планын талкуулап, өлкө Өкмөтү тарабынан медициналык кызматкерлерди колдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди. 

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Базар-Коргон районундагы капиталдык оңдоп-түздөөнү талап кылган мектептердин абалы менен таанышты. Мында Өкмөт башчы мугалимдик жамаат менен пикир алышып, окуу класстарын көрүп чыкты.

Абылгазиев белгилегендей, Өкмөт өлкөнүн бардык булуң-бурчунда жаңы мектептердин имараттарын куруу жана билим берүү мекемелерин капиталдык оңдоо менен катарлаш мугалимдерди колдоо чараларын күчөтүүнү мындан ары дагы улантат.

Өкмөт башчы социалдык объекттерди кыдыруунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жаңы социалдык объекттердин имараттарынын планын, ошондой эле башка объекттерде оңдоо иштерин баштоо үчүн долбоордук-сметалык иш-кагаздарын даярдоо боюнча бир нече тапшырма берди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.