20- декабрда Бишкекте «Республика» партиясынын кезексиз съезди өтүп, анда Өмүрбек Бабанов саясий ишмердигин жыйынтыктаганын жарыялады. Ошондой эле партиянын төрагалыгын Мирлан Жээнчороевго өткөрүп берди.
Съездде Өмүрбек Бабанов сүлөп жатып, президент Сооронбай Жээнбековго калыстыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
«Мурунку бийлик учурундагы шайлоодо үч-төрт адамдын сүйлөгөн сөзүн угуп, мени колдогон Канат Исаевге кылмыш ишин ачып камакка алды. Сооронбай Жээнбеков калыстыкты орнотуп, Канат Исаевди бошотту. Мен бул үчүн чоң ыраазычылык билдирем”, – деди Бабанов.
Эске сала кетсек, 2017-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге “Бийликти күч менен басып алуу”, “Массалык башалмандык” уюштуруу беренелери менен кылмыш иши козголуп, ал бир жылдай абакка отуруп чыккан