Бабанов «Республика» партиясынын төрагалыгынан кетти. Жаңы лидер — Жээнчороев

Окуялар тизмеги, Өлкө 20 Дек 2019 12:24
0 ой-пикир

Бүгүн Бишкекте “Республика” партиясынын кезексиз съезди өтүүдө.

Съезддин күн тартибинде партиянын Саясий кеңешинин курамын өзгөртүү жана жаңы лидерди шайлоо, Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана ревизиялык комиссияны жаңылоо.

Саясий кеңештин мүчөлөрүнүн саны 28ден 17ге кыскартылып, жаңы курам шайланды.

Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча партиянын лидери Өмүрбек Бабанов сөз сүйлөдү. Ал сөзүндө саясий ишмердигин жыйынтыктап жатканына токтолуп, жетекчиликке жаңы муундар келиши керек экендигин белгиледи. Өзү болсо жүрөккө жаккан башка тармактарда иштөөгө убакыт жеткенин кошумчалады.

Бабанов ошондой эле партиянын лидерлигине Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороевди көрөрүн кошумчалады. Аны сөзүнө бекем турган адам катары билерин, өлкөнүн да, партиянын да келечегине салым кошорун, партиянын реформа жолун улантарын айтты.

Жыйынтыгында, кезексиз съезддин делегаттары Мирлан Жээнчоровду партиянын төрагалыгына шайлашты.

Эске сала кетсек, Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодо экинчи орунду ээлеп, жалпы шайлоочулардын 30 пайыздан ашык добушун алган.

Азыркы тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) ага байланыштуу сегиз кылмыш иши иликтенип жатканын саясатчы өзү айткан. Бул иштер боюнча УКМК менен Финполицияга бир нече жолу сурак берип чыккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.