Сере Чалканова — атайын Elgezit.kg үчүн.
Бишкектеги феминналеге дагы 2 окуя кошулду. 9-декабрда «Чечинбе, уят!» деген жазуусу бар автобус борбордун көчөлөрүн аралап жүрдү. Анын ичинде улуттук кийим кийген “Белгилүү маршрут. Укуктан биринчи улут турат” акциясынын катышуучу айымдары отурушту.
Автобус элдер көп чогулган жерлерде токтоп, мисалы соода борборлоруна, акциянын катышуучулары түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул акциянын демилгечиси жана демөөрчүсү ким экен белгисиз. Айымдар ишин Кыргыз драмтеатрынан башташты. Аларга Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жолукту.
Экинчи окуя феминналенин катышуучуларынын Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго жолдогон ачык каты болду. Анын негизги мааниси төмөнкү абзацта жазылган: “Биз төмөндө кол койгон феминналенин катышуучулары, тажрыйбасы мол 22 сүрөтчү Маданият министри Азамат Жаманкулов кесиптик милдеттерин аткара алган жок жана маданият үчүн зыян алып келүүчү деп санайбыз, себеби ал маданиятка эч кандай тиешеси жок жана КРнын мыйзамдарын бузган экстремисттик топтордун кызыкчылыктарын жетекчиликке алып, республикада маданияттын өнүгүүсүнө бут тосууда”.
Улуттук баалуулуктарбы же батышчылдарбы?
Ар бир өлкөдө, ар бир улутта ич ара келише албагандар бар. Аларды улуттук баалуулуктарга басым жасагандар жана батышчылдар (либералдар же модернисттер) деп атап келишет. Ар кандай атасак болот, бирок мындан маани-маңыз өзгөрбөйт. Бул эки баалуулуктарды кармангандардын талашы, анын алкагында айылдыктар менен шаардыктардын, улутчулдар жана заманбаптардын ортосундагы балансты табуу аракети жүрүп келет. Айрым учурларда бул каршылык курчуп турат. Мисалы, феминналеден улам чыккан нааразычылыктар сыяктуу.
Улуттук баалуулуктарга басым жасагандар менен батышчылдардын ортосундагы конфликттен туура же туура эмес балансты табуу мүмкүн эмес. Бирок коомдун деңгээли төмөн болсо, байыркы доорго барып калышы толук мүмкүн.
Аткаминерлердин компетенттүү эместиги кантип чуу жаратууда?
Бишкектеги феминнале аялдар жана алардын укуктары тууралуу көйгөйдү гана чагылдырган десек жаңылышабыз. Феминнале заманбап маданиятты гана чагылдырды десек да туура эмес болуп калат. Ал айрым аткаминерлердин эркиндигин жана компетенттүүлүгүн ачып берди. Айрымдар үчүн чечинүү менен коштолгон перфоманс же артекфакт катары илинген ич кийим кадимки көрүнүш экенин билдик. Жаккан жокпу – келбе, көрбө дегендер да болду.
Күчтүү эрк менен уюштурулган көргөзмө деле эксклюзив деп айтууга болбойт жана ал улуттук баалуулуктарга басым жасагандар менен батышчылдардын каршылыгынын алкагына сыя турган иш.
Кыргыз коомчулугундагы бөлүнүү Маданият министри Азамат Жаманкулов ачык эле нааразы тараптардын бирин колдогонунан улам болду. Ал мамлекеттик кызматкер жана бийликтин адамы болгондуктан коомчулук, активисттер анын кадамдарын бийликтин кадамы катары кабылдады.
Көбү шаардык интеллигенциядан турган батышчылдар же модернисттер өздөрүн бийлик тарабынан басмырлоого учуругандай сезишти. Алардын укуктары тебеленип жатканын билдиришти. Анын үстүнө бул иштер көргөзмө уюштурулуп жатканда эмес, ал ачылгандан кийин болгону аларга оор тийди. Бул абал Маданият министринин жана Өкмөттүн компетенттүүлүгүнүн деңгээлин көрсөттү. Демек, министр ал жетектеген мекеменин ишин тескебейт экен дегендер болду. Себеби көргөзмө даярдалып жатканда эле анын концепциясын макулдашып, конфликттин алдын алса болот эле.
Маданият министри компетенттүүлүгүн көрсөтүп, эки жакка тең бирдей карап, ИИМден көргөзмөнү жана анын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылып берүүнү суранып, көргөзмөгө каршы чыккандар тарапта болбогондо феминналеге байланышкан чуу чыкпайт эле. Же алдын ала эле элге жакпай турган нерселерди көргөзмөгө койдурбай койгондо коомчулукта нааразычылык туулбайт эле.
Мамлекеттин, бийликтин иши — улуттук баалуулуктарга басым жасагандар менен батышчылдардын ортосундагы карама каршылыкта балансты сактоо. Алар жеке көз караштарына же айрым атка минерлердин баалуулуктарына карап бул же тигил тарапты колдобошу керек. Коомчулуктун “булчуңга” ишенген бөлүгүнүн куралы болбошу зарыл.
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.