Роза Отунбаева: Мен элечек кийип, элет деп жүргөндө сынчылар кайда эле?

Окуялар тизмеги 08 Дек 2019 15:09
0 ой-пикир

“Өмүрбек Текебаевдин Elgezit.kg менен диалогу” аттуу китептин ачылышында экс-президент Роза Отунбаеванын сүйлөгөн сөзү коомчулукта кызуу талкууга түштү. Кыргызстанда кооптуу ажырым башталганы айтыла баштады.

Би-Би-Си Кыргызстандын экс-президентинин өзү менен ушул темада кенен маек курган. Сиздин назарыңыздарга ушул маекти сунуштайбыз.

Би-Би-Си: Сүйлөгөн сөзүңүз абдан талаш-талкуу жаратты. Айрымдар сизди туура маселени көтөрдү десе, дагы бирлери сизди эмоцияга алдырып жиберди деп жатышат. Аныгында кандай болду?

Р. Отунбаева: Мен абдан олуттуу урбанизация маселесин көтөрдүм. Бул маселе бүт дүйнөдөгү талуу маселелердин бири. Кыргызстандыктардын 65 пайыздан ашууну айыл калкы. Азыркы учурда Жер планетасы дегенибиз — топтой эле болуп калды. Ушундай заманда биз өзгөрүшүбүз керек, динамика керек деп айттым. Ал эми азыркы чыр болсо музейдеги иштен башталды да. Ал жерде эски менен жаңынын кагылышы болду. Түшүнбөстүк болду. Ошол окуя боюнча кызматтан музейдин башчысы эмес, министр өзү кетиши керек болчу.

Би-Би-Си: Ушул окуяга бир аздан кийин кайрылалы. Сизди эмоцияга алдырып сүйлөдү дегендерге макулсузбу?

Р. Отунбаева: Жок, мен эч кандай эмоцияга алдырган жокмун. Мен көп нерсени окугам, билем дагы. Илимдин кандидатымын дегендей. Ал эми талкууларды мен окуган жокмун, «Фейсбукка» катталган дагы эмесмин. Ага убактым жок. Мен иш менен алекмин. Биздин фонд айылдыктар үчүн канчалаган иштерди жасап жатабыз. Мени айылдыктарды басмырлап, сезимине тийди деген сөзгө каршымын. Мен баскан-турган жерде айылдыктарды жактап, таламын талашып эле келе жатам. Жайлоо бала бакчаларын алалы, поэзия кечелерин айталы, ал жерде нукура кыргыз поэзиясы. Балдар филармониясы деген долбоорду алалы. Мунун баарын ким жасап жатат? Ар жылы жайда 3000 баланы окутуп, тарбиялап тоо-ташта жүрөбүз. Анан ал жерге бир басып барбай туруп эле, шаарга олтуруп алып ар кайсыны жаза берсе болобу? Жашоо хайп менен эле бүтпөйт да. Иш кылуу керек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.