Лионель Мессиге эстелик тургузулат

Аалам, Окуялар тизмеги 08 Дек 2019 10:31
0 ой-пикир

Аргентиналык футболчу, «Барселона» клубунун капитаны Лионель Мессиге эстелик тургузулат. Мындай чечимди Испаниянын футбол федерациясы (RFEF) кабыл алды. Футболчунун урматына тургузулчу айкел Мадрид аймагындагы Лас-Росас шаарчасына орнотулат.

«Mundo Deportivo» басылмасынын маалыматына караганда Мессинин айкели Альфредо ди Стефано, Пеле жана Диего Марадонанын статуяларынын жанынан орун алат.

2-декабрда 32 жашындагы Лео алтынчы жолку “Алтын топ” сыйлыгын алды. Мурда футболчу 2009, 2010, 2011, 2012 жана 2015-жылдары татыктуу болгон.

Дүйнөдөгү эң мыкты спортчулардын бири аргентиналык футболчу, Лионель Месси 2021-жылы командадан кетерин жарыялаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.