«Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мыйзамсыз түзүлгөн орган», — Клара Сооронкулова

Окуялар тизмеги, Өлкө 08 Дек 2019 11:02
0 ой-пикир

Конституциялык соттун мурунку судьясы Клара Сооронкулова «Маралга» берген маегинде УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мыйзамсыз түзүлгөн орган экенин билдирди.

Анын айтымында, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКнын курамынан чыгарып, өз алдынча көз карандысыз мамлекеттик орган катары түзүү зарыл.

Бирок анда да баары жылып кетет дегенден алысмын. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына кадрларды туура тандоо керек. Ага коомчулуктун да катышуусу шарт. Болбосо майнап чыкпай жатат, — дейт Сооронкулова.

Эске сала кетсек, «Өмүрбек Текебаевдин Elgezit.kg менен диалогу” аттуу китептин ачылышында сөз сүйлөгөн саясатчы Ө.Текебаев Коррупцияга каршы кызматты жоюу жана башка мыйзамдардын баарын Конституцияга ылайык келтирүү сунушун аткан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.