Dagens Nyheter: Кыргыз демократиясын тигилип бүтпөй калган костюм менен салыштырса болот

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 07 Окт 2020 19:26
0 ой-пикир

Борбордук Азиядагы Кыргызстанда парламенттик шайлоо мыйзамсыз өткөнү жарыяланды. Өлкөдө кайра шайлоо өткөнү турат. Бирок коррупция жана бийликтен кыянаттык менен пайдалануу ошол бойдон эле калды. Бул тууралуу швед басылмасы Dagens Nyheter жазып чыкты. Агенттиктин материалын ИноСМИ которуп чыккан. Биз кыргызчага котордук.

Бир чети Кыргызстандагы шайлоону жараксыз деп табышканы – бул элдин жеңиши. Бул көз боемочулук деп атоого болбойт.

Экинчи жагынан эл дайыма укугун коргоп келгени менен демократиялык жол менен шайланган лидерлер бийликти жеке кызыкчылыктарына колдонуп кетип жатканы маселе жаратат.

Мурдагы кыргыз парламентинде 6 партиянын өкүлдөрү бар болчу. Мындай плюрализм Кыргызстанды бул аймактагы демократиялык өзгөчөлүк кылып көрсөтчү, ал эми башка жагынан ал жакта чыныгы диктаторлук бейиш орногон.

Өткөн жекшембиде өткөн парламенттик шайлоого 16 партия катышты, алардын төртөө 7%дык босогодон өтүштү. Алардын баары азыркы президент Сооронбай Жээнбековго жакын партиялар эле.

Кыргызстандагы саясий таасир кландар арасында түптөлөт, алар өз кезегинде түштүктүн агрардык бөлүгү менен урбанизацияланган түндүк аймактардан куралат. Азыр болсо түндүктүк топтор баланс бузулганын сезишти.

Шайлоо өтүп жатканда эле алдамчылыкка күнөөлөөлөр болуп жатты. Ал эми шайлоонун жыйынтыктары чыкканда реакциялар күткөндөй эле болду: нааразычылыктар башталды. Ал бат эле зомбулукка өттү. Шейшембиге караган түнү митингчилер парламентти жана президенттик администрацияны басып алышты, андан соң имаратты өрттөштү.

Коррупцияга айыпталып 11 жылга түрмөгө кесилген мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди эркиндикке чыгарышты. Ал эми эртең менен Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганын жарыялады. Азыркы президент Жээнбеков да кайрадан шайлоо болорун айтты.

Кыргыз демократиясын тигилип бүтө элек костюм менен салыштырса болот. Шымы бар, ал эми үстү жеңи жок. Өлкөдө эркин шайлоо жана саясий плюрализм бар, бирок аны начар башкарышат жана көз карандысыз укуктук система жок.

Натыйжада эркин шайлоонун негизинде шайланган лидерлер кийинки шайлоонун жыйынтыктарын башкарышат, өз кызыкчылыгын гана ойлошот. Албетте, эл буга реакция кылат, себеби СССР кулагандан кийин эл чыдамы түгөнгөндө көчөгө чыгып көнүп калган.

Нааразычылыктар тез эле зомбулукка өттү. 150 адам Бишкектин ооруканасына түштү. Бир адам алган жаракатынан улам көз жумду.

Лидерлер өткөндөн сабак албагандай таасир калды. Алгач демократиялык институттардын жардамы менен алар шайлоону утушат дагы, кийин ошол эле институтту кыйратуу үчүн болгон күчүн жумшап, эрежеден тыш чыгып кетишет.

Кыргызстан бир нече революцияны башынан өткөрдү. 2005-жылдагы жоогазын революциясында президент Аскар Акаевди тактан алып түшүшкөн. Андан соң Курманбек Бакиев да мурдагы президенттин тагдырын кайталады. Экөөнү тең ыйгарым укуктарын токтотууга мажбур кылышты.

Бакиев кеткенден кийин өлкөдө жарандык согуш болуп, өзбек улутундагылар убактылуу Өзбекстанга качууга аргасыз болушту.

Бирок система өзү өзгөрүүсүз калды. Күчтүү институттарсыз жана бекем укуктук системасыз демократия максаттуу иштей албастыгын Кыргызстан дадилдеп турат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.