«Бүгүнкү бир саат эртеңки эки саатка тете». Текебаевдан айтылган ачуу чындык

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 05 Дек 2019 11:16
0 ой-пикир

Акыркы убакта коомчулукта ар кандай талкуулар күчөп, парламенттин иши дагы жанданып, аткаруу бийлиги кимдир бирөөлөр тарабынан катуу сындалып жатканы Жогорку Кеңешке болгон шайлоонун жакындап калганынан кабар берет.  

Эми кичинекей эле бир окуя, көзгө көрүнөр-көрүнбөс иштер деле парламентте мандат алууну каалагандардын амбицияларын ишке ашырууга багытталып баштайт. 

ММКлардагы маектер, ар кандай ток-шоуларга катышуу, трибунада туруп бакылдап-шакылдап сүйлөө, айтор өзүн элита деп эсептегендердин бул күздө активдүү болуп калышы жөн жерден эмес.

Анын үстүнө мындай активдүүлүк үчүн себептер дагы көп болууда – ызы-чуулар, чулгандуу иликтөөлөр, ачыкка чыгуулар. Азыркы маалда Президенттин, өгөчө Өкмөттүн жана жеке премьер-министрдин абалы суктанарлык эмес.

Бирок…шайлоо алдындагы кампанияны ушунча эрте баштап алганыбыз туурабы? Шайлоого чейин дагы бир жыл бар, эң башкысы оюндун эрежеси тактала элек, шайлоо босогосу анык эмес, ошондуктан алдыда дагы көп нерсе өзгөрүп кетиши толук мүмкүн…

Эми өлкөдө саясат айрым адамдардын же топтордун электорат топтоо кызыкчылыгына карата жүргүзүлө баштайбы? Өзүнүн депутаттык доорун узартууну каалаган парламентте отурган депутаттар кандай чечимдерди жана мыйзамдарды кабыл алышат болду экен? Эми алар өлкөнүн эмес, өзүнүн кызыкчылыгына жараша иш кылбайт деп ким кепилдик бере алат?

Өлкөнүн абалы кандай жана кайсы багытка бара жатканына, мындан аркы жашоосу кандай болоруна кызыккандар өтө аз.

Ошондуктан 3-декабрда Өмүрбек Текебаев жасаган билдирүү өтө маанилүү. Ал билдирүү тарыхый жактан уникалдуу абалдан пайдаланып, парламенттик башкаруу формасына өтүү тууралуу айткан эле. “Өмүрбек Текебаевдин Elgezit.kg менен диалогу” аттуу китептин ачылышында сөз сүйлөгөн саясатчы Ө.Текебаев Сооронбай Жээнбековдун президенттик вазийпасы дал ушунда деп санарын билдирип, мамлекет башчысынын жакынкы пландарына сунуш берди.

Парламентке өтүү босогосун 3 пайыз кылуу, тышкы саясатты президенттен премьерге өткөрүү, Коррупцияга каршы кызматты жоюу жана башка мыйзамдардын баарын Конституцияга ылайык келтирүү сунушу айтылды. Саясатчынын пикиринде, келерки жылдын акырына чейин бул иштердин баарын ишке ашырса болот.

“Сооронбай Жээнбековдо бизде калыптанып калган, өлкөнү Конституцияга каршы башкаруу адатын жок кылып, Кыргызстанды президенттик башкаруудан парламенттик республикага айландырган мамлекеттик ишмер катары тарыхта калууга уникалдуу мүмкүнчүлүк бар”,-деди Текебаев.

Текебаевдин бул сунуштары эске алынабы же жокпу азырынча так жооп жок. Себеби кеп “суперпрезиденттик” башкаруудан баш тартуу тууралуу болуп жатпайбы. Өмүрбек Текебаевдин Сооронбай Жээнбековдун айрым иштерине оптимисттик көз карашта экени дагы бир топ кызыгууну арттырды. Ал белгилегендей:

«2015-жылга карата Атамбаев мурдагы президенттер тарабынан иштелип чыккан технологияларды колдонуп бийликти узурпация кылып алган. Атамбаев башкаруу мөөнөтүн узартууну каалап, Конституцияны өзгөртүп, Кыргызстандын саясий талаасын кайра түзүп чыкты. Анын максаты өзүнүн жана жакындарынын жеке жана саясий кызыкчылыктары үчүн Кыргызстанды андан ары дагы көзөмөлдөп туруу болгон. Атамбаев Конституцияга каршы жол менен, Конституцияга каршы ыкмаларды колдонуп болсо дагы башкаруусун узартууну самады. Бирок анын пландарын Сооронбай Жээнбеков жокко чыгарды.

Өлкө лидерлеринин жасаган ишинин жыйынтыгына убакыт өткөн соң баа берилет. Бирок Сооронбай Жээнбековдун ишине азыртадан эле баа берсек болот, анын тарыхый, саясий жактан маанилүү иш-аракеттери Атамбаевдин планын кыйратканында гана эмес, эң башкысы Сооронбай Жээнбеков тарыхый прецедент түзгөнүндө – жазалануу прецедентин түзүү менен ал өзүнө чоң жоопкерчиликти алды. Балким бул анын президенттик мөөнөтүндөгү башкы вазийпадыр. Эми башталган ишти акырына чыгаруу зарыл”.

Өлкөнү Конституцияда жазылгандай башкарууга өткөрүү маселеси канчалык актуалдуу болсо, ошончолук оор. Тажрыйбалуу саясатчынын пикирин азыркы элитанын көпчүлүгү колдобой тургандай. Себеби алардын кызыкчылыктары, пландары, жана айланасындагы жакын адамдары бар… Бирок дал ушул жерде Текебаев башкы вазийпасын аткарды десек болот – элитага жага турган эмес,  элге жага турган маселелерди түз жана таамай айтты.

Аны менен катар эле Текебаев көпчүлүк үчүн кызык болгон ким кимди сатып кеткени тууралуу суроого жооп таап берди. Ал бул суроо коомго таңууланып жатканын кошумчалаган.

“Учурда айрым күчтөр коомго ким кимди сатып кетти деген теманы жабыштырып, талкууга жем таштап келишет. Бул талкуунун жүрүшүндө Сооронбай Жээнбековдун жүйөлөрү анализденип келет. Адам катары жана Атамбаевдин эски досу катары ага, деңгээлине баа берүүгө аракеттенип келишет. Бул коомго атайын жайылтылган талкуу. Бул абалда мамлекеттин лидери менен жөнөкөй жарандардын өзүн алып жүрүүсүндө айырма бар. Себеби саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин, өлкөдөгү биринчи адамдардын жүрүм-турумунан, мамилесинен алардын жеке тагдыры гана эмес,  элдин жана өлкөнүн тагдыры  көз каранды. Лидерлердин жасаган ишинин жыйынтыгына бир аз убакыт өткөн соң баа берилет”.  

Учурда көпчүлүк Сооронбай Жээнбеков абалды түп-тамырынан бери өзгөрткөн реформаларды жүргүзбөйт деген пикирди карманып келишет. Азыркы абалды карасак, иштин мындай чоң бурулушу болуусу мүмкүн эмес дегендер бар. Бирок, мамлекет башчысы бир жолу өз кадамдары менен коомду таң калтырганын, окуянын агымын өзгөрткөнүн моюнга алышыбыз керек.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.