Ширин Айтматова эмне тууралуу сурак бергенин айтып берди. Сүрөт

Окуялар тизмеги, Өлкө 05 Дек 2019 10:49
0 ой-пикир

«Үмүт-2020» коомдук кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматова Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде (УКМК) сурак берди. Суракта дээрлик 5 сааттай болгонун ал өзүнүн twitter баракчасына жазып чыкты

«Сурак мыйзамдуу, жайбаракат жана тынч өттү. Кандай болгон күндө да кандайдыр жүрөкзаада сезимдерди калтырды. Өкүнүчтүүсү кире бериште абакта олтургандардын жакындары кабар күтүп турганы болду. Ошол эле учурда Сытиндин «Тянь-Шандын контрабандисттери» аттуу повестти окуп чыгууга үлгүрдүм. Мен ойлоп сарсанаа болгондорго ыраазычылыгымды билдирем», — деп жазган Айтматова.

Айтматова суроолор негизинен, акча ташып иштеп, Стамбулда атып өлтүрүлгөн ишкер Эркин Саймаитинин өлүмү, ага болгон коркутуулардын тегерегинде болгонун белгилеген.

УКМК буга чейин «Азаттыктын» иликтөөгө тиешеси бар адамдардын баары күбө катары суракка чакырыларын билдирген. 2-декабрда Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Дүйшөн Төрөкулов да сурак берип чыкты.

Атайын кызмат «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали Токтакунов менен Ыдырыс Исаковду дагы 2-декабрда күбө катары суракка чакырган.

УКМК ишти Жазык кодексинин «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен иликтеп жатат. Журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында мекеме аралык тергөө тобу иштеп жатат.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын бажысындагы коррупция боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда, Стамбулда атып өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө шектүү катары Түркияда төрт киши кармалган. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.