«Мен Саймаитини “Кара-Суу” базарындагы бир ишкер катары тааныйм», — Алтынбек Сулайманов

Окуялар тизмеги, Өлкө 05 Дек 2019 08:04
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештеги депутаты Алтынбек Сулайманов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка барды.

«Бир-Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов УКМКга барганда андан Саймаити менен тааныштыгы тууралуу сурашканын журналисттерге билдирди. Суракта эмне сөз болгону тууралуу тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ачык айталбасын белгилеп, бирок Саймаити менен тааныштыгы тууралуу суроо берилгенин айтты.

“Айэркен Саймаитини илгери эле, 10 жыл мурда таанычумун. Мен аны “Кара-Суу” базарындагы бир ишкер катары тааныйм”, — деди эл өкүлү.

УКМК буга чейин «Азаттыктын» иликтөөгө тиешеси бар адамдардын баары күбө катары суракка чакырыларын билдирген. 2-декабрда Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Дүйшөн Төрөкулов да сурак берип чыкты.

Атайын кызмат «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали Токтакунов менен Ыдырыс Исаковду дагы 2-декабрда күбө катары суракка чакырган.

УКМК ишти Жазык кодексинин «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен иликтеп жатат. Журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында мекеме аралык тергөө тобу иштеп жатат.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын бажысындагы коррупция боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда, Стамбулда атып өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө шектүү катары Түркияда төрт киши кармалган. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.