Отунбаева: Парламент кайда карап отурасыңар? Үч-төрт “качок” министрди коркутуп, музейдин жетекчисин кызматтан алдырышты

Окуялар тизмеги 04 Дек 2019 17:16
0 ой-пикир

Өмүрүндө музейге барбаган үч-төрт “качок” жаш маданият министрин коркутуп, музейдин директорун кызматтан алдыртышты. Бул тууралуу экс-президент Роза Отунбаева 3-декабрда «Өмүрбек Текебаевдин Elgezit.kg менен диалогу» деген китебинин бет ачары учурунда билдирди.

“Парламент кайда карап отурасыңар? Силерде социалдык маселелерди караган комитет бар. Силер жок дегенде министрден, вице-премьерден же премьер-министрден музейдин жетекчисинин эмнеге иштен алынганы тууралуу сурадыңарбы?”-деп суроо салды мурунку мамлекет башчысы.

“Макул, Даниялык кыз жылаңач чыгып, эпатаждык формада секс-индустриясында иштегендердин укуктары тууралуу билдирди. Досторум менин, мейманканалардын айланасында канчалаган түнкү көпөлөктөр жүрүшөт? Канчалаган эркектер алар менен сауналарда жана мейманканаларда жүрүшөт? Бул кыздар ушундай жол менен акча таап жатышат. Биз, аялдар алар үчүн күйөбүз, себеби бүгүн жашоо ушундай”, — деди Роза Отунбаева.  

Ал жазган макаласын эске салды: “Канча аялды өлтүрө сабап жатышат?” Бишкекте гана аялдар үчүн 14 кризистик борбор бар. 12-15 жаштагы зордукталган канча кыз бар? Педофилдер көбөйдү. Кыргызстанда канча аялы бар экени белгисиз эркектер канча? Кандай максаттарда анча аял алып жатышканы белгисиз. Балким алар уурдап жеген акчаларын аларга жаздыруу үчүн алып жатышкандыр. Көрсө, биз, аялдар баарына чыдап, унчукпай отурушубуз керек экен”.

“Бул жакшынакай, олуттуу, мааниси терең көргөзмө болчу! Алар (бул качоктор) эч качан ал жакка кирип көргөн эмес, бирок көргөзмө ачылгандан кийинки күнү келишип, Маданият министри менен музейдин жетекчисин коркутуп кетишти”, — деди Отунбаева.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.