Алтынбек Сулайманов УКМКга суракка келди

Окуялар тизмеги, Өлкө 03 Дек 2019 15:31
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештеги депутаты Алтынбек Сулайманов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка барды. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка ылайык, УКМК буга чейин «Азаттыктын» иликтөөгө тиешеси бар адамдардын баары күбө катары суракка чакырыларын билдирген. 2-декабрда Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Дүйшөн Төрөкулов да сурак берип чыкты.

Атайын кызмат «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали Токтакунов менен Ыдырыс Исаковду дагы 2-декабрда күбө катары суракка чакырган.

УКМК ишти Жазык кодексинин «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен иликтеп жатат. Журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында мекеме аралык тергөө тобу иштеп жатат.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын бажысындагы коррупция боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда, Стамбулда атып өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө шектүү катары Түркияда төрт киши кармалган. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.