Абакта отурган адам өзүнө кол салгандыгынын чын-төгүнү иликтенет

Окуялар тизмеги 03 Дек 2019 09:34
0 ой-пикир

Чүйдүн Молдовановка айылындагы №1 түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 23 жаштагы адам өзүнө кол салды. Бул маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматынын өкүлү Самат Калыков ырастады. Анын маалыматына караганда, окуя 1-декабрда болгон.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары каза болгон адамдын туугандары өлгөн киши суицидге барбаганын, анын денеси күйгөнүн байкаганын билдиришкенин жазып чыгышты. Калыков бул боюнча да комментарий берди.

— Тергөөчү менен эксперт анын денесин текшерген. Алдын ала маалымат боюнча суицид болгон. Азыр тиешелүү документтер топтолуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, — деди Калыков.

Ошондой эле документтер соттук-медициналык экспертизага жиберилген. Жыйынтыгы чыга элек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.