Ала-Тоо аянтында өткөн митингке канча каражат сарпталган?

Окуялар тизмеги, Өлкө 27 Ноя 2019 14:33
0 ой-пикир

26-ноябрда социалдык түйүндөргө күн мурун Ала-Тоо аянтында коррупцияга каршы уюштурулган #REакция аттуу митингке канча каражат сарпталганын көрсөткөн документ жарыяланды. Белгилей кетсек, Кыргызстандагы ири коррупциялык схемаларды ачыктаган журналисттик иликтөөгө бийликтин реакциясы көптөгөн жарандарды канааттандырган эмес.

Бирок, айрым социалдык тармактардын колдонуучулары бул жарандык тынчтык акциясынын аркасында үчүнчү саясий күчтөр же Батыш турат, анткени аны өткөрүүгө чоң сумма жумшалган деп шек санашкан.

Көп өтпөй акциянын уюштуруучуларынын бири чыгашалардын тизмегин жарыялады. Документте баннер, плакат, такталарды даярдап, 7-апрельде курман болгондордун эстелигине гүлдөрдү койгонго, жол киреге жалпысынан болгону 10 миң 907 сом кеткенин көрүүгө болот. Акчаны активисттер өз чөнтөктөрүнөн чыгарышкан.

Эске салсак, 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар жарыяланган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.