Мага байланышкан кандай суроо болсо мен жооп берүүгө даярмын , — Раим Матраимов

Окуялар тизмеги, Өлкө 25 Ноя 2019 09:45
0 ой-пикир

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов чет өлкөдөн Кыргызстанга келип, өзүнө байланыштуу бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экенин билдирди. Анын кайрылуусун бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 24-ноябрда «Фейсбукка» жарыялады.

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовтун «Азаттыктын» чуулгандуу иликтөөсү боюнча билдирүүсү:

«Урматтуу замандаштар!
Өзүңүздөр көрүп тургандай, акыркы эки жылдан бери кайсы бир саясий топтор мени каралоо максатында түрдүү божомолдорду, ар кандай жалган маалыматтарды таратып келди. Мунун баарына качандыр бир чекит коюлат деп ойлоп жүргөм. Бирок акыркы жети ай ичинде бул каралоо акциясы башка деңгээлге чыкты. Айрым журналисттер ошол саясий топтордун куралына айланып, кечээ мени өлкөдөгү бардык экономикалык проблемалардын себеби катары сыпатташса, бүгүн ойго келбес, кечирилгис кылмыштарды мага шылтап, жалган жалаа жабууга өтүштү.
Мени кызмат ордума кайра коюу боюнча сот чечиминен соң өз каалоом менен Бажы кызматына кайра барбоону чечкем жана тынч жашоо максатында бизнес менен алектенейин деп чет өлкөгө кеткен элем. Ошентип сыртта жүргөн учурда мени каралоо акциясына бейөкмөт, коомдук уюмдарды да кошууга үлгүрүшүптүр. Ошол саясий топтор эми жаштарды жана өз өлкөсү үчүн күйгөн жарандарды азгыруу аркылуу аларды саясатта курал катары колдонуп жатышат.
А мен тууралуу “Азаттык” айтып жаткан маалыматтардын баары жалган жана иш-аракеттери туура эмес. Мен өзүмдүн ал иштерге тиешелүү эмес экенимди кайсы жерде болбосун далилдей алам.
Жалган жалаа, калп маалыматтарды таратуу аркылуу мени курулай жаман көрсөтүү аракетинен улам коомчулукта азыр мага
байланыштуу ар кыл пикирлер, уу-дуу кептер тарап кетти. Ушундан улам мен өз өлкөмө кайтып келүү чечтим. Мага байланышкан кандай суроо болсо, ошонун ичинде укук коргоо органдарында, мен жооп берүүгө даярмын».

Ошол эле учурда кайрылууда Матраимов кайсы мамлекетте экени жана Кыргызстанга качан келери жазылган эмес.

Парламенттин депутаты Ирина Карамушкина ал үй-бүлөсүн алып чет өлкөгө чыгып кеткенин айтып чыккан. Бул маалыматты Искендер Матраимов төгүнгө чыгарган.

"Эмнеге иниңиз дарегине айтылып жаткан айыптоолорго жооп бербейт?"-деп жеке кат жазгандар болду. Бүгүн ал өзүнүн пикирин…

Опубликовано Искендер Матраимов Воскресенье, 24 ноября 2019 г.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.