Кыргызстан — желим баштыктарга каршы

Аналитика, Статьялар 25 Ноя 2019 21:54
0 ой-пикир

Жазгүл Урмамбетова — атайын Еlgezit.kg үчүн

Өкмөт полиэтилен баштыктарды өндүрүүгө, сатууга мораторий киргизет

Өкмөт «Полимердик материалдардан жасалган буюмдарды (баштык, кап, таңгактоочу материалдарды) калктын күнүмдүк колдонуусу үчүн өндүрүүгө жана аны сатууга мораторий киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун иштеп чыкты. Долбоордун документтери коомдук талкууга коюлду.

Токтом долбоордун максаты жана милдети — бул айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алуу жана таңгактоочуу полиэтилен баштыктардан пайда болгон калдыктардын көлөмүн азайтуу болуп саналат.

«Кыргызстанда полимер материалдарынан жасалган баштыктар турмуш-тиричиликте абдан көп колдонулуп, катуу калдыктарды таштоочу жайларда чогулууда. Көп учурларда мындай калдыктар экономикалык жактан пайдасы жок болгондуктан, иргелип кайра иштетилбейт. Бул болсо курчап турганын чөйрөнүн жана суу объектилеринин булганышына алып келүүдө», — деп кошумчалады өкмөттүн басма сөз кызматы.

Тиричилик калдыктарын сактоочу жайларында азыркы учурда болжол менен 16 млн 409 629 миң тонна таштанды бар. Инвентаризация учурунда калдыктардын болжолдуу морфологиялык түзүлүшү аныкталган. Ага ылайык, таштандылардын 21% полимер калдыктары түзөт.

  • Полимер материалдарынан жасалган таңгактоочу баштыктардын курамындагы заттар жаратылыштын климаттык факторунун таасиринен бузулбайт жана күйгүзүүдө айлана-чөйрөгө диоксин жана фуран сыяктуу туруктуу органикалык булгоочу заттарды бөлүп чыгарат.

Полимердик материалдардан жасалган кап жана баштыктарды калктын күнүмдүк колдонуусу үчүн өндүрүүгө жана аны сатууга мораторий киргизүү Кыргызстандын экологиялык коопсуздугун камсыз кылат. Муну менен катар кагаз баштыктарды өндүрүүнү жолго салууну жана курчап чөйрөнүн абалын жакшыртууну шарттайт. Союз маалында элдер торчо(сетка) колдонушчу.

КАЙСЫ ӨЛКӨЛӨРДӨ ТЫЮУ САЛЫНГАН

КЫТАЙ: 2008-жылдын 1-июнунан тартып калыңдыгы 0.025 мм болгон желим баштыктарды иштеп чыгууга, сатууга тыюу салган.

ДАНИЯ: 1994-жылы сатуу борборлорунда же­лим баштыктарды акысыз таратууга айып пул салынган. Бул мыйзам ишке киргенден кийин желим баштыктарды колдонуу 90 пайызга кыскарган.

ИТАЛИЯ: 2011-жылы 1-январдан тартып желим баштыктарды колдонууга тыюу салып, алардын ордуна биобаштыктар колдонулат.

КЫРГЫЗСТАНДА да бир нече супермаркеттер биобаштыктарды колдонууга өтүп, ал ишти ара жолдо калтырып коюшкан. Буга ал баштыктардын ыңгайсыздыгы себеп болдубу же каражаттын жетишпестигиби, белгисиз.

СИНГАПУРДА: Сингапурда пластикалык таштандылардан убактылуу үйлөр жасалып, алар арзан жана үнөмдүү. Мындай үйлөр үч күн ичинде чогултулуп, табият кырсыктарынан жабыркагандар, эко­номикалык жактан жетишсиз үй-бүлөлөргө арналган. Бирок бул үйлөрдө жашоо канчалык деңгээлде зыяндуу экени белгисиз. Сингапур, Бангладеш, Тайванда желим баштыктарды колдонууга канализациялар, дарыялар тосулуп, суу ташкындарынын пайда болуусунан улам чектөө киргизилген.

ГРЕЦИЯДА: Ар бир желим баалуу, себеби коомдук транспортто жаран желим бөтөлкө өткөрсө, ал жол кире төлөбөйт

ДҮЙНӨЛҮК СТАТИСТИКАГА КАЙРЫЛСАК:

Желим баштыктар 100-500 жылга чейин чирибейт.

Жердин катмарында бул процесс 1000 жылга чейин созулат.

Дүйнө жүзү боюнча бөлүнүп чыккан таштандылардын он пайызын желим баштыктар түзөт.

Дүйнөдө жылына 5 триллион желим баштык иштелип чыгат.

Жыл сайын алардын айынан 300 миң жаныбар набыт болот.

Грузия өлкөсү желим баштыктардан баш тартуунун этаптарын иштеп чыгып, аларды дүйнө стандарттарына жооп берген кагаз баштыктарга, тагыраак айтканда, биобаштыктарга алмаштырууну чечти.

Экономикалык жактан өнүгүп келе жатканыбыз менен экологияны күндөн-күнгө булгап жат­каныбыз шексиз. Мурда Кыргыз­стан жашыл өлкө катары белгилүү болгон болсо, азыр ал мурдагы көркүн жоготуп, таштандыга «байып» бараткансыйт. Бишкек шаарынын чет жагында таштандыларды кайра иштеп чыккан ондогон майда ишканалар болгону менен, алардын дээрлик бардыгы желим баштыктарды иштеп чыгуу багытында иш алып барышпайт экен. Ага негизги себеп, же­лим баштыктарды кайра иштеп чыгууга Кыргызстанда жогорку технологиялардын жоктугу. Буга бюджеттин жетишсиздигин шылтоо кылып келишет.

Дүйнө жүзү боюнча кыркка жакын мамлекет мына ушул по­лиэтилен баштыктардан толугу менен баш тартып, колдонгондорго айып пул салып, алардын ордуна эки жыл ичинде чирип кете турган биопакеттер, кагаздан жасалган баштыктарды колдонуп келишет. Алардын катарын Англия, Франция, Авст­ралия, Латвия, Италия, Дания сыяктуу мамлекеттер толуктап келет. 2008-жылы бул баштык­тарды колдонуудан Кытай дагы баш тартты. Бирок Кытай өзү баш тарткан ошол эле баштыктар­ды Кыргызстанга экспорттоону улантууда.

КЫРГЫЗСТАНДА ОН ИШКАНА ЖЕЛИМ БАШТЫК ЧЫГАРАТ

Желим баштыктын ки­лограммы 6 долларга сатылат (150 кг. 8 миң даана баштык). Аларды чыгаруу боюнча керектүү материалдар Россия, Кытай жана Азербайжандан алынып келинет. 2013-жылы 3 млн. 158 миң даана желим баштык чыгарылган болсо, акыркы жылдары анын саны 992.3 миңге кыскарган. Эң эле кызыгы, аларды кайра иштеп чыгуучу мекемелердин саны жокко эсе экени таң калтырат. Желим баштыктар колдонууга оңой, арзан жана бышык.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги өлкөнүн аймагында полимердик пленканы өндүрүү, импорттоо жана иштетүүгө тыюу салууну колдоп келет. Бирок мындай демилге көптөн бери көтөрүлүп келе жатканына карабай, желим бөтөлкөлөр, целлофан баштыктар колдонуудан чыга элек. Бүгүнкү күндө Кыргызстан аталган мыйзамды аткарганга даярбы же жокпу мезгил көрсөтөт.

Ысык-Көлдө жыл сайын эс алуучулардын артынан көптөгөн таштанды калат. Алар көбүнчө полиэтилен баштыктары, желим бөтөлкө жана пластик идиштер. Быйыл активисттер көлдүн ичинен жана анын айланасынан таштандыларды алып чыгышкан.

АДАМГА ЖЕЛИМДИН КЕЛТИРГЕН ЗЫЯНЫ

Желим баштыктардын адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин врачтар ачык айтышпайт. Бирок желим баштыкка коргошун кошулат. Бул ден соолукка абдан зыян. Коргошун көбөйүп олтуруп, көп дарттардын чыгышына алып келет. Желим баштыкты кызыл-тазыл боёктор менен кооздошот. Ал боёктор тамак-ашка аралашканда да зыянын тийгизбей койбойт. Ал эми тигиштерин бири-бирине жабыштырыш үчүн химиялык желим кошулат. Бул дагы ден соолукка зыян. Желим баштыкта сакталган азык-түлүк тез бузулат, анткени анда зыяндуу бактериялар бар. Желим баштык менен кошо тамакты ысытканда ал баш­тык уулуу зат бөлүп чыгара баштайт.

АКШда жашаган Камит Савай «Журтташтардан жүз сунуш» сынагына экология боюнча сунушун жазган.

Өткөндө Ысык-Көл тарапка баратып шаардан чыкканда эгин талааларды самсаалап аппак болуп желим (полиэтилен) баштыктар басып жатканын көрүп, капа болдум. Алардан бөлүнүп чыккан уу ошол эле топуракка сиңет, сууга кошулат. Анан өзүбүздүн эле ден соолугубуз жабыркайт.

Окумуштуулардын эсептөөсүндө, желим баштык менен бөтөлкөлөр төрт жүз жыл дегенде араң жоголот.

Желим көйгөйү бизде эле бар десем жаңылыштык болор. Бир жылда дүйнөдө миллиондон ашык жаныбар желим баштыктарды жеп алып өлөт экен.

Желимден жасалган буюмдар дүйнөдөгү таштандылардын 40% ашыгын ээлейт.

Дүйнөдө 40тан ашык өлкөдө желим баштыктарды колдонууга чектөөлөр киргизилген. Мисалы, Руандада 2008-жылы желим баштыктарды колдонууга тыюу салынган. Азыр Руанда Африкада эле эмес, дүйнөдөгү эң таза өлкөлөрдүн бири.

АКШда, биз жашаган шаарда магазиндерде көбүнчө кагаз баштыктары колдонулат. Эми биологиялык заттарга бөлүнүп, жок боло турган экологиялык баштыктар да колдонула баштады.

Кыргызстанда желим баштыктарды колдонууга чектөө тез арада киргизүү зарыл. Анан желим баштыктарды таштанды кылып көрүнгөн жерге таштагандарга катуу чаралар көрүлүп, жоопкерчиликке тартуу да керек.

Пластик ордуна кагаз же башка экологиялык баштыктарды колдонууну тез арада жайылтуу зарыл. Бул эми өтө кымбат болбосо керек. Бирок элдин, жердин саламаттыгы үчүн эбегейсиз пайда болуп атпайбы.

Эгерде биз ушул маселеге азыр көңүл бурбасак кийин кеч болуп калат.

«Таштанды тактары» — бул эбегейсиз көп таштандылардын Тынч океанда чогулушу. Желим жана башка таштандылар океанда агымга байланыштуу көпчүлүк учурда бир жерге топтолушат.

On The Commons басылмасынын билдиргенине көз жүгүртсөк, пластик бир айлампага чогулуп отуруп, бара-бара “таштанды аралчаларына” айланат. Мындай көп таштандынын биригүүсү Чоң Тынч океандык таштанды тагы деп аталат (Great Pacific garbage patch). Бул Тынч океандын Түндүк тарабында жайланышкан жана ал 700 км ден тартып 1,5 миллион чарчы км чейин жайылган. Тилекке каршы, канча аралыкка чейин таштандынын жайланышканын биле албайбыз анткени, алар чачыранды болуп калган. Изилдөөчүлөр 1980-жылдары эле, желим буюмдардын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу айтышкан экен, бирок буга эч ким маани деле берген эмес. Ал эми 1990-жылдын аягында океанограф жана яхтсмен Чарльз Мур (Charles J. Moore) бул мусорду таап алган.
 2016-жылы Мурдун командасы жарым жылдык экспедицияга чыгып, Чили деген аталыштагы жээкте дагы бир “мусордук так” таап алгандыгын жар салышкан. Ал дагы Тынч океандагыдай аралыкта жайгашкан болчу. Божомолдорго караганда, бул “аралчанын»  көлөмү миллион квадрат метрге чейин жетет. Ал кичинекей пластикалык бөлүктөрдөн тураары шексиз. Пластикалык буюмдардын кичинекей болуп калгандыгынын себеби, алар көп сууда болгондугунан кабар берет. Эми экспедиция учурунда табылган пластиктер дыкат экспертизадан өтөт.  “Naked Science“ билдиргендей, илимпоздор таштандынын калыңдыгын жана химиялык курамын изилдеп чыгышат.

Мурдун айтымына караганда,  “2011-жылы бир эле жолу океандын тазалыгы боюнча бир эле иш чара өткөн. Андан бери океан болуп көрбөгөндөй миллиондогон тонна таштандыга толгондугун айтат, ошондуктан акыркы убакта океанда жашаган жаныбарларга да залакасы тийип жатат”, —  дейт ал.
Белгилей кетсек, Тынч океандагы жашаган жаныбарларынын жана канаттууларынан ашказанынан пластик буюмдары табылып, алар желимдерди жеп алып өлгөндөрү көп катталган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.