«Интерньюс» бийликти чуулгандуу иликтөөлөрдө келтирилген факттарды текшерүүгө чакырды

Окуялар тизмеги, Өлкө 25 Ноя 2019 14:02
0 ой-пикир

Internews in Kyrgyzstan бийликти журналисттик иликтөөлөрдө келтирилген баардык факттардын негизинде толук кандуу иликтөө жүргүзүүгө чакырат. Мындай билдирүүсүн аталган уюм бүгүн, 25-ноябрьда таратты.

«Бийликтин унчукпастыгынан жана пассивдүүлүгүнөн коррупциялык көрүнүштөр системдүү жолго түшкөнүн тастыктаган фактыларды Кыргызстандык ЖМКлар улам бир чуулгандуу иликтөөлөрүндө көрсөтүп жатышат», — деп айтылат билдирүүдө.

Бажыдагы коррупциялык схемалар жана Ататүрк паркындагы жер тилкелери боюнча «Азаттык» жана «Клооп Медиа» жүргүзгөн иликтөөлөр коомдун бүйүрүн кызытты. Бирок жарандар бийликтен канааттандыраарлык жооп ала алышкан жок. Кыргызстандык журналисттер тегерегине эл аралык экспертизаны топтошуп, коррупция менен күрөшүүгө чоң салымын кошуп жатышат.   

«Internews in Kyrgyzstan иликтөөлөргө катышкан журналисттердин коопсуздугун камсыздоого чакырат. Бийлик өкүлдөрү коомчулуктун активдүүлүгүн көз жаздымда калтыруусу жарандарды көчөгө чыгып, коррупция менен алгылыктуу күрөшүүнү талап кылуусуна аргасыз кылаарын түшүнүшү керек. Бул тууралуу өлкө президенти дагы бир нече ирээт кайталап келген», – деп белгиледи эл аралык уюм.

Эске салсак, 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар жарыяланган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.