Чуулгандуу иликтөөгө байланыштуу атайын тергөө тобу түзүлдү

Окуялар тизмеги, Өлкө 25 Ноя 2019 12:32
0 ой-пикир

Бажыдагы коррупцияга байланыштуу «Азаттык» радиосунун жана «Kloop» маалымат агенттигинин чогуу жүргүзгөн иликтөөсү боюнча УКМКнын, ИИМдин жана Финпол тергөөчүлөрүнөн турган атайын тергөө тобу түзүлдү. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, топту УКМКнын Тергөө бөлүмүнүн башчысы жетектйт. Бардык материалдар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилген.

Сагынбаевдин айтуусунда, 22-ноябрда журналисттердин иликтөөсү жарыяланган. Анда Айеркен Саймаити өмүрүнө коркунуч болгондуктан Кыргызстандан Түркияга чыгып кеткендигин айткан. Ошол эле күнү Башкы прокуратура аталган фактыны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча каттоого алган.

«24-ноябрда Башкы прокуратура баардык материалдарды УКМКга өткөрүп берген. Башкы прокуратура башчысынын буйругу менен УКМКнын, ИИМдин жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын тергөөчүлөрүнөн турган атайын тергөө тобу түзүлгөн», — деди ал.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Айеркен Саймаити Кыргызстандын жараны болбогондугун кошумчалады. Ал маалымдагандай, ага Самятинин атына Жалал-Абад облусунун Сузак районунда паспорт берилген.

«2019-жылы кылмыш иши козголуп, шектүү адамдар аныкталган. Кылмыш иши толугу менен аяктап, райондук соттун кароосуна жөнөтүлгөн», — деп кошумчалады Сагынбаев.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.