Хабибулла Абдукадырды Жээнбековдун инаугурациясына ким чакырган?

Окуялар тизмеги, Өлкө 24 Ноя 2019 20:51
0 ой-пикир

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын басма сөз кызматы партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, президенттик аппараттын мурдагы башчысы, азыр абакта отурган Фарид Ниязовдун коомчулукка болгон ачык кайрылуусун жарыялады.

Кайрылууда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун президенттикке киришкендеги инаугурациясы менен 2017-жылдын 3-ноябрында түзүлгөн атайын уюштуруу комитети алектенгени айтылат. Ал эми Алмазбек Атамбаевдин президенттик аппаратынан үч гана өкүл болгону кошумчалаган.

Ниязов уюштуруу комитетинин курамына жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү катары киргендигин белгилейт.

«Хабибулла Абдукадыр инаугурацияга чакырылган коноктордун тизмесине президенттин жеке суранычы менен кирген. Мен анын макамын тактоо иретинде, ким экендигин сураганда, Сооронбай Шарипович ал киши анын жакын жана көптөн бери дос экенин айткан. Инаугурация аземинде үй-бүлө мүчөлөрүнүн катарында олтургузууну тапшырган. Ошондуктан, Хабибулла Абдукадыр президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы менен эжесинин ортосунан орун алган» , -дейт Фарид Ниязов.

Эске сала кетсек, Сооронбай Жээнбековдун пресс-катчысы Толгонай Стамалиева «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген журналисттик иликтөөдө аты аталган Хабибулла Абдукадыр инаугурацияга катышканы тууралуу түшүндүрмө берген. Анда уюштуруу иштери менен Алмазбек Атамбаевдин тушундагы президенттик аппарат алектенгенин билдирген эле. Ал кезде аппаратты Фарид Ниязов башкарган.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыялаган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу адамдын карго компаниясы аркылуу Кыргызстанга миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы жөнүндө маалыматтар бар.

Фарид Ниязов быйыл 7-8-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурундагы башаламандыкты уюштурган деп камакка алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.