Кош бойлуу келинди иттер талагандыктан көз жумду

Окуялар тизмеги 23 Ноя 2019 01:24
0 ой-пикир

Франциянын түндүгүндөгү Вилле-Котере шаарчасына жакын жердеги токойдон 29 жаштагы кош бойлуу келиндин сөөгү табылды.

«Элиза Пиларскиге иттер тиш салып, башынан-аягына чейин соо жери жок»,- деди прокурор Фредерик Трин. Ал көп кан жоготуп, ошондон көз жумганы белгилүү болду.

Полиция кылмыш ишин козгоп, аймактагы аңчылыкка колдонулган 93 иттин ДНК анализин алып, экспертиза жүргүзүүдө. Экспертиза жыйынтыгы менен келинге тиш салган иттин ээсин дагы аныкташат. Элиза Пиларски баккан беш иттин дагы ДНК анализи иликтенип жатат.

Бул үрөй учурган окуясы коомчулукту катуу сестентти. Жүздөгөн кишилер Элизанын «Фейсбук» баракчасына пикир калтырууда.

Тергөө маалыматына караганда, жекшембиде Элиза Рец токоюна иттери менен сейилдеп келген. Ал өзүнүн таанышына чалып, ага бир үйүр чоочун иттер кол салганы жатканы тууралуу кабарлаган.

Таанышы токойго жеткенче, келинди иттер талап, өлтүрүп кеткен экен.

«Аны издеп жүрүп, унаасын таптым. Андан кийин жар тарапты көздөй баратып, отуздай итти көрүп, артка тарттым»,-деп айтып берген Кристоф франциялык BFMTV каналы.

Элизанын жети айлык боюнда бар болчу. Айрым маалыматтарга Караганда, ошол убакта мергенчилер анчылыкка чыгышкан. Балким, ошолордун отуздай иттери да талашы божомолдонуп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.