Мамлекеттик кызматка кабыл алуудагы чектөө шарттары Баш мыйзамга каршы келбейт, — Конституциялык палата

Окуялар тизмеги, Өлкө 22 Ноя 2019 13:54
0 ой-пикир

Конституциялык палата мамлекеттик кызматка кабыл алуудагы айрым чектөө шарттары Баш мыйзамга каршы келбейт деп эсептейт. Бул тууралуу палатанын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Конституциялык палата «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын нормалары Конституцияга шайкеш келеби же жокпу деген маселени карап чыкты.

Мындай өтүнүч менен Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Бекешов баштаган жарандар тобу кайрылган.

Алар мыйзамдагы мындай талап мамлекеттик кызматта иштегиси келгендерге карата дискриминациялык экенин, теңсиздик шартын түзөрүн белгилешкен. Жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгү менен айырмаланган, бирок мамлекеттик кызматта эч убакта иштебеген адамдардын келишине бөгөт түзүп жатканын жүйө келтиришкен.

Конституциялык палата бул кайрылууну карап чыгып, өз чечимин 20-ноябрда жарыялады. Анда мамлекеттик кызматка орношуу укугу кесиптик жана жеке сапаттары мамлекеттик жарандык кызматка карата коюлуучу квалификациялык талаптарга шайкеш келүүчү жарандарга гана берилери айтылат.

«Мамлекеттик кызмат тармагындагы мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүгү менен шартталуучу өзгөчө талаптар жарандардын Конституция кепилдеген укуктары менен эркиндиктеринин бузулушу катары бааланбайт» деп билдирди Конституциялык палатанын басма сөз кызматы.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.