Кыргыз прокуратурасына 95 жыл: сыйлыкка арзыгандардын тизмеси

Окуялар тизмеги, Өлкө 22 Ноя 2019 17:30
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 22-ноябрда Кыргыз прокуратурасынын 95 жылдыгына карата өткөн иш-чарага катышты.

Мамлекет башчысы прокуратура органдарынын бир катар кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышкандар:

— Талас облусунун Талас шаарынын прокурору -Айтназаров Алмазбек Арстаналиевич;

— Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун прокурору — Бообеков Насриддин Бекмаматович;

— Чүй облусунун Жайыл районунун прокурорунун улук жардамчысы — Чакчагаева Алтынкуль Турсунбековна.

Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйланышкандар:

 — Ысык-Көл облустук прокуратурасынын финансы жана ресурстук камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси — Асылбекова Динара Сергоевна;

— Ош облусунун Араван районунун прокурору — Болотбеков Эмиль Болотбекович;

— Чүй облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн улук прокурору — Бообеков Таалай Качкынбаевич;

— Ош шаардык прокуратурасынын жазык жана жарандык сот өндүрүшү бөлүмүнүн улук прокурору — Жолдошев Жаныбек Ашимович;

— Баткен облусунун Баткен районунун прокурору — Исманов Анвар Кудайбердиевич;

— Талас облусунун прокурору — Кашкарова Гулмира Нурдинбековна;

— Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын Балыкчы гарнизонунун аскер прокурору — Сейдахматов Рустамбек Зоданбекович;

— Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокурорунун улук жардамчысы — Тагаев Уланбек Жээнбекович;

— Нарын облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн начальниги –Токон Мурат;

— Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун прокурорунун улук жардамчысы — Шамшидинова Роза Тургуновна.

Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Өткүрбек Джамшитовго «3-класстагы Юстициянын мамлекеттик кеңешчиси» класстык чини ыйгарылды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.