Искендер Матраимов Саймаитинин өлүмүн иликтеген комиссиянын курамынан чыгыш керек, — депутат

Окуялар тизмеги, Өлкө 22 Ноя 2019 13:23
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамынан Искендер Матраимов чыгыш керек деп эсептейт. Анын комиссиянын курамында болушу коомчулукта ишенбестик жаратарын айтты.

— Комиссиянын курамынан Матраимов чыгыш керек. Анткени комиссия өз иликтөөсүн жүргүзгөн соң, анын жыйынтыгына коомчулук ишенбей коёт. Бул маселени комиссиянын башка мүчөлөрү көтөрүп, талап кылабыз деген ойдомун, — деди Шыкмаматов.

Эске сала кетсек, кечээ, 21-ноябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында ишкер Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссиясы түзүлгөн.

Ага ылайык, түзүлгөн комиссиянын курамына ар бир фракциядан депуттар кирди:

-КСДП парламенттик фракциясынан – Ө.Бакиров, С.Жураев, А.Карашев, И.Матраимов;

-«Республика-Ата Журт» парламенттик фракциясынан – М.Жээнчороев, З.Шарапов, Т.Мамытов;

-«Кыргызстан» парламенттик фракциясынан – Д.Төлөнов, А.Эргешов;

-«Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынан – Т.Шайназаров;

-«Бир Бол» парламенттик фракциясынын жыйынынан – А.Сулайманов;

-«Ата Мекен» парламенттик фракциясынын жыйынынан – А.Шыкмаматов.

Комиссия Саймаитинин өлтүрүлүшүн, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтөөнү ниеттенүүдө.

Айеркен Саймаити «Азаттык» жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөдө кеп болуп, коомчулукта чоң резонанс жараткан.

Иликтөөдө Саймаити бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чет өлкөгө 700 млн долларга жакын акча чыгарып кеткени көрсөтүлгөн. Бул адамдын атынан Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атасынын атындагы фондго чет өлкөдөн кайра акча которулганы сөз болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов иликтөөдө сөз болгон Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы.

10-ноябрь күнү Саймаитини белгисиз адам атып кеткен. Окуя Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.