Өкмөттү кетиришибиз керек, — депутат

Окуялар тизмеги 22 Ноя 2019 16:09
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстандын бажысындагы коррупция тууралуу «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген журналисттик иликтөө тууралуу пикири менен бөлүштү.

Эл өкүлү анда айтылган фактыларга байланыштуу парламент өкмөттү кызматтан кетириши керек экенин билдирди.

«Биринчиден, журналисттердин коопсуздугун камсыз кылыш керек. Анткени бул иликтөө өтө олуттуу болду. Экинчиден, Башкы прокуратуранын, Финансы полициясынын, Финчалгын кызматынын, УКМКнын жана бажынын жетекчилерин кызматтан кетириш керек. Алардын ордуна коомчулук ишеним арткан кишилерди алып келиш керек. Жаңы адамдар келгенден кийин биз аларга расмий иликтөө жүргүзүү тууралуу талап коёбуз. Эми кылмыш иштерин козгоп, бардыгын далилдеп, керек болсо соттош керек. Биз, депутаттар өкмөттү кызматтан кетиришибиз керек. Анткени өкмөткө болгон ишеним жоголду. Алар эми эч нерсе кыла албайт», — дейт Дастан Бекешев.

Эске сала кетсек, 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жасаган «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланды.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөлүк компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар бар. Ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган.

Ошондой эле бул иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин тастыктаган.

Журналисттерге бул маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаити берген. Ал көзү тирүүсүндө кыргыз бажысындагы чиеленишкен коррупциялык схема боюнча суроолорго да жооп берген.

Акыркы иликтөө боюнча Райымбек Матраимов комментарий бере элек. Чуугандуу журналисттик иликтөө боюнча президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева билдирүү таркатты. Анда журналисттик иликтөөдө аты аталган Хабибулла Абдукадыр менен президент Сооронбай Жээнбековдун бизнес-долбоору болбогонун жана жок экенин билдирди.

Иликтөөнүн биринчи бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан. «Азаттыктын» ал иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.