Мадумаров кол койгон чек ара боюнча протоколду УКМК текшерүүдө

Окуялар тизмеги, Өлкө 21 Ноя 2019 09:13
0 ой-пикир

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров 2009-жылы Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоого жана көпүрө курууга деп 275 метр узундуктагы 5 гектар жер участогун тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча кол койгон протоколду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) текшерип жатат.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 20-ноябрда «Марал» радиосунун эфиринде айтты.

Протоколго 2009-жылы 3-мартта Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин ошол кездеги катчысы Адахан Мадумаров жана Тажикстандын Коопсуздук Кеңешинин ошол учурдагы катчысы Амиркул Азимов кол койгон.

Быйыл сентябрда Ош-Баткен-Исфана жолунун Көк-Таш менен Орто-Боз айылдарынын ортосундагы Жака-Өрүк тилкесине тажик тарап бир тараптуу курулуш иштерин баштап, чыр чыккан.

Тажик тарап «бул тилке ижарага алынган» деген негиз менен аны өзүнө караштуу деп эсептесе, кыргыз тарап ал жакты тактала элек чек ара тилкеси катары белгилеп келет. Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев талаш-тартышка 10 жыл мурунку тажик тарап менен түзүлгөн протокол негиз болгонун айткан.

Адахан Мадумаров буга чейин аталган бул протокол андан аркы сүйлөшүүлөргө гана негиз болчу документ болгонун жүйө келтирген. Ал эми УКМК аны текшере баштаганы тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.