ЖМК: УКМКнын сейфинен 200 миң доллар жоголду

Окуялар тизмеги, Өлкө 16 Ноя 2019 11:32
0 ой-пикир

Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаевди пара менен колго түшүрүү учурунда алынган 200 миң доллар УКМКнын тергөөчүсүнүн сейфинен жоголуп кетти. Бул туурасында жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Kaktus.media сайты күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып, бул ишке парламент депутаты Канат Исаевдин күйөө баласы Бакай Ишенгуловдун катыштыгы бар экенин жазып чыкты. Маалыматка караганда, ал акчаны өзүнүн жетекчиси- тергөө башчысынын иш бөлмөсүнөн алып кеткен. Уурдоо дем алыш күнү, УКМКнын башкы кеңсесинде эч ким жок учурда жасалган.

«Бул учур иш бөлмөдөгү жана коридордогу видео байкоого түшүп калышы керек эле. Бирок ал тасма бар экени жана ага Ишенгулов түшкөн-түшпөгөнү тууралуу белгисиз», — деп жазат сайт.

Булактар бул иштен кийин эле Ишенгулов «Лексус 570» үлгүсүндөгү унаа айдап калганын белгилешкен. УКМК тараптан Канат Исаевдин өзүн да көрүшкөн. Эл өкүлү күйөө баласы кабылган маселени жайгаштырып, акчаны кайра кайтарып берүү аракетин көргөн болушу мүмкүн деген божомолдор айтылат.  Бакай Ишенгулов бул окуядан кийин УКМКдан өз каалоосу менен бошонуп кеткен деген сөздөр бар.

24.kg агенттиги өз булактарына таянып, Бакай Ишенгулов буга чейин УКМКнын Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгында иштегенин, окуядан кийин өз эрки менен бошонуу арызын жазууга мажбур кылышканын маалымдады.

Kaktus.media Ишенгуловдун жубайы Бермет Исаева менен байланышканда, ал бул жөнүндө биринчи жолу угуп жатканын айтып, аталган темада сүйлөшүүдөн баш тарткан. Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев дагы күйөө баласы жөнүндө чыгып жаткан сөздөргө чекит кое элек. УКМК расмий маалымат тарата элек. 

Белгилей кетсек, пара менен кармалган кишиден алынган акчаларды тергөөчү сөзсүз түрдө сотко далил буюм катары өткөрүп бериш керек. Бирок Чалбаевдин ишинде 200 миң доллар сотко өткөрүлүп берилген эмес. Бишкектин Биринчи Май райсотунда Улан Чалбаевдин жактоочулары андан алынган акчаны сотко алып келип, көчүрмөсү менен салыштырууну  талап кылышууда. Бирок сот бул талапты аткарбай жатат.

Эске сала кетсек, Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоолорду колдоо жана соттогу өкүлчүлүгү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаев 2018-жылдын 16-апрелинде 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. УКМК тараткан маалыматта, ал башында 500 миң доллар сураганы айтылган. Бул акча менен Чалбаев парламенттин мурунку депутаты Карганбек Самаковдун жаза мөөнөтүн жумшартып бермек деген божомолдор бар.  

Чалбаевге 313-берененин 1-бөлүмү (пара талап кылуу) менен айып тагылып, тергөө иштери бүткүчө камакка алынган. 2018-жылдын октябрында тергөө аяктап, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ишти Башкы прокуратурага өткөргөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.