Рахмат! “Тазалыктын” жумушчулары футбол күйөрмандарына ыраазы болушту

Окуялар тизмеги, Өлкө 15 Ноя 2019 11:26
0 ой-пикир

“Тазалыктын” кызматкерлери футбол күйөрмандарына ыраазычылыгын билдиришти. Муниципалдык мекеменин басма-сөз катчысы Жибек Каракеева билдиргендей, эски аянтта Кыргызстан-Япония беттешин көрүүгө чогулгандар тазалыкты сактап, таштанды дээрлик ыргытылган эмес.

Кечээ стадионго батпай калган футбол сүйүүчүлөрү үчүн Бишкектин эски аянтында түз алып көрсөтүү уюштурулду. Ага 500дөн ашуун күйөрман чогулду. Белгилеп кетсек, Дөлөн Өмүрзаков стадионундагы көрүүчүлөр дагы таштандыны жыйнай кетишти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.