Чокморов кыргыздын руханий символуна айланды, — Сооронбай Жээнбеков

Окуялар тизмеги, Өлкө 15 Ноя 2019 12:45
0 ой-пикир

Сүймөнкул Чокморов жалпы журтубузга сыймык тартуулаган эмгектерди жаратты. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Мамлекет башчысы баса белгилегендей, Сүймөнкул катышкан кинофильмдер — элибиздин кары-жашына, улуу-кичүүсүнө карабай, бардык көрүүчүлөргө жаккан, сүйүктүү чыгармаларга айланды.

«Кыргыз өңү — Чокморовдун өңүндөй» болуп дүйнөгө тарады, ал кыргыздын руханий символуна айланды, элибиздин нукура сүймөнчүгү болду», — деди президент.

Сүймөнкул менен мекендеш болгонуна ар бир кыргыз сыймыктанды, — деп кошумчалаган мамлекет башчысы, Ага Кыргыз Эл сүрөтчүсү, Кыргыз Эл артисти, СССРдин Эл артисти, СССР сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү деген наамдар ыйгарылгандыгын кошумчалады.

«Чокморовдун эмгектери Кыргызстандын гана эмес, дүйнө көрүүчүлөрүнүн купулуна толуп, «Эркектин ролун эң мыкты аткарганы үчүн» деген сыйлыкты эл аралык аренада 5 жолу жеңип алган жалгыз актер болду. Анын талантын Акиро Куросава менен катар, россиялык, япониялык, европалык, америкалык киноишмерлер абдан жогору баалаганын билесиздер. Ошентсе да, эң жогорку бааны — өзүнүн улуу замандашы, пикирлеши Чыңгыз Айтматовдун «Сүймөнкулдун кош канат таланты — сүрөтчүлүгү менен киноактёрлугу жалаң гана кыргыз искусствосуна эмес, жалпы дүйнөлүк маданиятка таандык» деген сөздөрүнөн тапсак болот. Сүймөнкул агабыздын кыргыз маданиятына кошкон салымы кино искусствосу менен гана чектелбейт. Ал таланттуу сүрөтчү, кыл калемдин мастери катары да мыкты эмгектерди жаратты», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Эске сала кетсек, Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы Чүй өрөөнүндөгү Чоң-Таш айылында туулган.

Ал 1992-жылы 53 жашында каза тапкан. Советтик кино өнөрүн көптөгөн чет мамлекеттерде тааныткан. Сүрөтчүлүк өнөрүн таштабай 400дөй пейзаж, натюрморт, портрет тарткан. Чокморовдун кээ бир эмгектери Бишкектеги Улуттук көркөм өнөр музейинде сакталып турат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.