Парламенттик шайлоого 916 млн сом бөлүү пландалууда

Окуялар тизмеги, Өлкө 11 Ноя 2019 17:46
0 ой-пикир

Бүгүн парламентте бюджет жана финансы боюнча Комитетинин кеңири жыйынында 2019-жылдагы республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жаңы экономикалык божомолдун негизинде сунуштаган.

«2019-жылдын аягына чейин чыгашалар 165,3 млрд сомдун тегерегинде болжолдонду. Бул бекитилген бюджеттен 3,4 млрд сомго көптүк кылат. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү социалдык чөйрөгө өзгөчө көңүл бурат. Бардык пландаштырылган долбоорлор жана социалдык төлөмдөр өз убагында жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Президентинин программасынын алкагында 1-октябрдан тарта 120 миң мугалимдин эмгек акысы көбөйтүлдү. Бул үчүн кошумча 1 млрд 742 млн сом табылган. 2020-жылы мугалимдерге жогорулатылган айлык төлөө үчүн 8 миллиард сом талап кылынат. Мындан  тышкары гемодиализге 322,8 млн сом кошумча каралды. Маданий объекттерди оңдоого 238 млн сом багытталган. «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча бөлүнгөн каражаттар дээрлик эки эсеге көбөйтүлүп, 6,0 млрд сомду түздү», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр киргизилип жаткан бардык өзгөртүүлөрдүн актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн белгилеп, аларды колдоону суранды.

«Башталган бардык иштер жана демилгелер 2020-жылы улантылат. Санариптештирүүнүн алкагында биз экономиканы электрондук форматка өткөрөбүз. Башкы негиздердин бири – салык процедураларын фискалдыштыруу. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн алкагында ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо уланмакчы. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан «РСК банк» ААКга жергиликтүү ишкерлерди колдоо үчүн 35 млн АКШ доллары бөлүнөт. Мындан тышкары Кумтөр кенинин ишинин алкагындагы рекультивациялоо фондунун каражаттары экономиканы өнүктүрүүгө жумшалат», — деп билдирди ал.

Өлкө башчы белгилегендей, башталган иш жана демилгелерди улантуу менен бирге 2020-жылы бир катар маанилүү иш-чаралар күтүлүүдө.

«Кеп калкты каттоо, укук коргоо органдарын реформалоо, ата мекендик спортчулардын Түркиядагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Токиодогу Олимпиада оюндарына катышуусу тууралуу болуп жатат. Аны менен катар өлкөдө маанилүү саясий иш-чара пландалган – бул парламенттик шайлоо. Пландалган чыгашалардын суммасы 916 млн сом. Биз бул шайлоону таза жана ачык өткөрүүгө тийишпиз , — деп жыйынтыктады Абылгазиев.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча депутаттар айтылган сын-пикирлерди эске алуу «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорлорун колдошту.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.