Бул аптада коом талкууга алган өлкөдө жана дүйнөдө бир катар орчундуу окуялар болду: Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракеси, электр энергиясын керектөөгө чектөө, Алмаматовдун соту, Бишкектин чок ортосундагы жарылуу ж.б.
«Elgezit.kg» редакциясы орчундуу окуяларга сереп салды.
Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракеси
6-ноябрда, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара Бишкекте өттү.
Иш-чарага Сооронбай Жээнбеков катышып, өз сөзүндө Турдакун Усубалиев өлкөнү башкарган 1961-85–жылдар — Кыргызстандын тарыхында өчпөс тамгалар менен жазылып калган, «алтын доор» болгонун айтты.
Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиевдин өмүрү, мамлекеттик ишмердиги элдин эсинде ак барактай таза, чындык менен ширелишкен бойдон калганын, улутубуздун улуу инсаны — жыйырманчы кылымдагы эӊ ири мамлекеттик жана саясий жетекчилердин бири катары тарыхта каларын баса белгиледи.
Ошондой эле анын ысымын Бишкектин бир районуна ыйгаруу керектигин белгиледи.
Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар бардык региондордо өтүп, Нарын шаарында жана Чолпон-Атада анын айкелдери орнотулду.
Бишкектеги эски аянтка, Күрп-Сай ГЭСине жана чокулардын бирине Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылды.
Эске сала кетсек, Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда жарык дүйнөгө келип, 2015-жылы каза болгон. Ал Совет мезгилинде Кыргыз ССРин дээрлик чейрек кылым башкарып, көз карандысыздык жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
Электр энергиясын керектөөгө чектөө
Кыш жакындап, күн сууктай баштаганда Кыргызстанда жылуулук берүү, электр энергиясына байланыштуу суроолор көп бериле баштайт: жылуулук качан берилет, электр энергиясы кыштын чилдесинде өчүрүлбөйбү ж.б.
КР өкмөтү 2019-жылдан 14-октябрындагы «2019-2020-жылдын күз-кыш мезгилине карата КР калкы жана экономика тармактарынын даярдыктарынын жүрүшү тууралуу» токтому менен электр энергияны колдоого лимит киргизген. Документке ылайык, чектөөлөр өткөн жылдын керектөөлөрүн эсепке алуу менен көбүрөөк көрсөтүлгөн. Андыктан, кыш мезгилинде электр өчүрүүлөр болбойт деп Улуттук энергохолдинг атайын билдирүү жасаган.
Бирок токтомдогу «лимит» деген сөзгө түшүндүрмө жазылбагандыктан, коомчулук арасында «кышында жарык өчүрүлүшү мүмкүн» деген түкшүмөл ойлор пайда болду.
Андыктан, эл арасында айтылган жакшы сөз бар «Жөжөнү күздө санайт» деп, өкмөттүн ишеничтүү айтылган убадаларын жаз чыкканда көрөбүз…
Издөөгө салынган Алмаматов
Акыркы чуулгандуу окуялардын бири транспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовдун соту болгондугу жалпыга маалым. Анткени, райондук сот Алмаматовду коррупция боюнча 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок Бишкек шаардык соту ал өкүмдү жокко чыгарып, 3 миллион 300 миң айып пул салуу менен Алмаматовду эркиндикке коё берген болчу.
Кийин Жогорку соттун 30-октябрдагы токтому менен Насирбек Алмаматовго карата Бишкек шаардык соту 2019-жылдын 9-июлунда чыгарган өкүм жокко чыгарылып, Октябрь райондук сотунун 25-мартта жарыялаган өкүмү күчүндө калган.
Жогорку сот чыгаргандан кийин чечимге ылайык ал кайра абакка камалышы керек болчу. Аны камакка алуу максатында жашаган дарегине барган кызматкерлер аны «сыйпалап» таппай калышкан.
Жыйынтыгында, Алмаматовду кайдан издерин билбей , милиция ага издөө жарыялаган.
«Антошкадагы» өрт
Бишкекте жума, 8-ноябрь күнү Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварында жайгашкан «Антошка» тез тамактануу жайы күйүп, анын айынан 1 адам – тез тамактануу жайында иштеген кыз каза болуп, 13 адам жаракат алган.
Жаракат алгандардын жетөө Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланып жатат, алардын экөө жаш балдар. Жабыркагандардын үчөө амбулатордук дарыланууга коё берилген. Бишкек шаардык милициясынан кабарлашкандай, жарылуу болгон «Антошка» тез татым жайынын ижарачысы кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында иликтөө иштери уланууда, керектүү соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалды.
«Кыргыз каганатынын доору» коллекциялык тыйындары
Улуттук банк 5-ноябрь күнү «Кыргыз каганатынын доору» аталышындагы жаңы коллекциялык тыйындарды жүгүртүүгө чыгарды.
Улуттук банк «Кыргыз каганатынын доору» сериясынан «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы», «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» күмүш коллекциялык монеталарын, ошондой эле «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» коллекциялык жез-никель монетасын жүгүртүүгө чыгарды.
«Кыргыз каганатынын доору» сериясынын «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы» жана «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» коллекциялык тыйындары кыргыз элинин маданий баалуулуктарын жана рухий дөөлөттөрүн даңазалоо жана жайылтуу максатында чыгарылган.
Күмүш тыйындар 2 миң даана, жез-никель тыйын 5 миң даана болуп чыгарылган.
Күмүш тыйындын баасы 2650 сом, ал эми жез-никель монетасы 380 сом турат.
Басма сөз күнү
7-ноябрь күнү Кыргызстанда Маалымат жана басма сөз күнү белгиленди. 7-ноябрында Маалымат жана басма сөз күнү болуп калышы Кыргызстандын тарыхындагы тунгуч гезит – «Эркин Тоо» (азыр — «Кыргыз Туусу») гезитинин биринчи санынын жарыкка чыгышы менен байланыштуу. «Эркин Тоо» гезитинин алгачкы саны 1924-жылдын 7-ноябрында жарык көргөн. Ага байланыштуу КР Өкмөтү 1993-жылдын 1-ноябрында 7-ноябрды Маалымат жана басма сөз күнү деп белгилүү чечимин кабыл алган.
Журналисттердин кесиптик майрам күнүнө байланыштуу президент куттуктоо сөзүн айтып, журналисттердин ишине ийгилик каалады.
«Сөз эркиндиги – өлкөбүздүн негизги жетишкендиктеринин бири. Эркиндик жоопкерчиликти жана калыстыкты талап кылат. Мамлекеттеги окуяларды чагылдырууда объективдүү жана ар тараптуу болууну каалайм», — деп айтылат президенттин куттуктоо сөзүндө.
Журналисттерди өкмөт башчы да куттуктап, куттуктоо сөзүндө аларга чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн айтып өткөн.
«Биз республикада сөз эркиндигинин бар экендиги жана ар бир жаран мааниси зор жана олуттуу маселелер боюнча өз ой-пикирин ачык-айкын билдире алары менен сыймыктанабыз. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү журналисттердин эмгегин жогору баалайт. Сиздер материалдарыңыздарда өтө зарыл маселелер, жарандардын кыйынчылыктары тууралуу айтып берип, ишенимдүү фактыларга негизделген конструктивдүү сын-пикирлерди билдирип келесиздер. Биз жарандык коомдун бардык институттары, анын ичинде масс-медиа менен үзүрлүү жана натыйжалуу диалогду колдойбуз. Биздин ишибизди жакшы кылган сиздер болуп саналасыздар», — деп айтылат премьер-министрдин куттуктоо сөзүндө.
Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү
Кыргызстанда 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленди. Бул күнү оту өчпөгөн отузунчу жылдардагы кандуу репрессиянын курмандыгы болгондор да эскерилди.
1991-жылы Бишкектен анча алыс эмес Чоң-Таш айылындагы кыш заводунун эски мешинен ондогон кишинин сөөгү табылып, бул кабар мурдагы СССРге мүчө мамлекеттерге көз ачып жумганча тараган. Жарым кылымдан ашуун дайын-дареги чыкпай келген бир катар мамлекеттик ишмерлердин сөөгү күтүүсүз бир чуңкурдан табылган эле.
Алардын катарында Кыргызстандын 20-30-жылдардагы көрүнүктүү саясий, мамлекеттик жана коомдук ишмерлери — Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Эркинбек Эсенаманов, Мурат Салихов, Иманаалы Айдарбеков, Касым Тыныстанов сындуу чыгаандардын сөөгү да табылган эле. Дал ушул улуу сырдын бетин ошол кандуу окуядан түз кабары болгон Бүбүйра Кыдыралиева, КГБнын ошол кездеги офицери (капитан) Болот Абдрахманов жана археолог Михаил Иванович Москалевдор ачкан эле.
Президент Сооронбай Жээнбеков Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барды.
Президенттин жана Өкмөттүн Аппарат кызматкерлери 1916-жылдагы коогалаңда курман болгондорду эскерүү Мемориалына, саясий репрессиялардын курмандыктарынын Эстелик-мемориалына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюшту.
Ошондой эле 2010-жылдын апрелинде курман болгондорду эскеришип, 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын Мемориалына гүл коюшту, куран окулду.