Сооронбай Жээнбеков: Райым Матраимов эки жылдан бери жумушсуз жүрөт

Окуялар тизмеги, Өлкө 02 Ноя 2019 18:04
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 2-ноябрда Кыргызстандагы Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту. Жыйынга өлкөдө аккредитациядан өткөн чет элдик медиа уюмдардын кабарчылары да катышты. Жолугушуу «суроо-жооп» форматында өттү.

Көпчүлүктү кызыктырган Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жөнүндө суроого мамлекет башчысы төмөнкүчө жооп берди. 

«Райым боюнча. Баарын эле мага шылтап койгулары келет. Мен албетте, аны тааныйм. 2010-жылы мен [Ош облусунун] губернатор болуп турганда, Райым ошол кезде Оштогу бажы төлөмдөрүн 156 пайызга чейин көтөргөн. Аны жетекчиликке дайындашкан. Кийин бул жакка [Бажы кызматынын жетекчилигине] алып келишти. 24-ноябрда мен мамлекет башчы кызматына кириштим. 23-ноябрда ал Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары кызматынан кетти. Бирок баары эле аны мага жабыштырууга аракет кылып жатышат. Бул туура эмес. Ал эки жылдан бери жумушсуз отурат. Анын агасы, силер билесиңер, парламентте», — деди Жээнбеков. 

Ал журналисттерге коррупцияга байланыштуу иштерде факты менен сүйлөөнү сунуш кылып, коррупция менен күрөштө кол тийгистер болбой турганын, бардык иштер боюнча чара көрүлөрүн белгиледи.

«Матраимовдун өзү да, бир туугандары да текшерилди. Февралдан бери текшерүү жүрүп жатат. 24 млн. сом бюджетке төгүп жатат», — деп кошумчалады мамлекет башчы.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.