Интим сунуштагандын интеллектиси — төмөн

Аналитика, Статьялар 29 Окт 2019 17:13
0 ой-пикир

Жазгүл Урмамбетова — атайын Еlgezit.kg үчүн

Октябрь айынын башында Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы геология-экономикалык изилдөөлөр мамлекеттик мекеменин кызматкери жетекчисинин үстүнөн Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнө арыз жазган.

Аталган мекеменин директору кызматкер кызды мейманканага көңүл ачуу үчүн чакырган:

“Мен мамлекеттик кызматта 2018-жылдын декабрь айынан бери иштеп келем. Чарба бөлүмүнүн жетекчисимин. Жетекчи 2019-жылдын март айында дайындашты. Дюшеев кызматтан келгенден бери мага сексуалдык ыдык көрсөтүп жүргөн. “Сиз сулуусуз, сизди кучактап, өөп койсом болобу? Менин маанайым жакшы болуш үчүн, сиз мени күндө эртең менен келип өөп кетиңиз” деген сөздөрдү көп айтчу. Мен 1,5 ставкага иштейм. Мыйзам боюнча 1,5 ставкага иштегенге болбойт, 3 ай сайын узартып туруш керек. 9-октябрда  директор мени кабинетине чакырып, ставкаңды узарткың келсе,  мени менен мейманканага барасың. Мен жиним келип, эч кандай мейманканага барбаарымды айттым. Директор “Мен эркекмин, сен аялсың, экөөбүз мейманканага барып көңүл ачабыз” деп ачык эле бетиме айтты”,- деп билдирген директорунан ыдык көргөн кызматкер.

«Геологиялык-экономикалык изилдөөлөрдүн Кыргыз методикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын кызматкери мекеменин жетекчиси ага бир нече ирет төшөк мамилесин сунуштап жатканын айтып, социалдык түйүндөргө экөөнүн сүйлөшкөн аудио жаздыруусун жана видеосун жүктөгөн.

Жарым ставка алып берүү үчүн Жаныбек Дүйшеев мейманканага барып келүүнү сунуштап жаткан учур

“Директор кызматтан кетиши керек. Мындай жетекчи менен иштеш кыйын. Мекемеде дагы көп жаш кыздар бар. Эртеби-кечпи ал башка  кыздарга тийишет”

Мындан сырткары, Директор мекеменин бухгалтерине да сексуалдык ыдык көрсөтүп, “Мени менен жакшы мамиледе болбосоң, кызматтан алам” деп билдирген.

Мындан соң аталган мекеменин директору Жаныбек Дүйшеев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган, бирок кызматынан кетип жатып, арткы число менен анын былыгын чыгарган кызматкерди жумуштан алганга үлгүргөн.

Саясий талдоочу Табылды Акеров: «Өкмөт буга чара көрүшү керек»


Саясий талдоочу Табылды Акеров Еlgezit.kg порталына бул жагымсыз жагдай боюнча комментарий берди. Анын пикиринде, мындай негатив мамлекеттик кызматтын имиджине терс таасирин бермекчи. Серепчи аталган кызматтын аброюу да төмөн түшүп жатканын белгиледи. Экс-башчы жумуштан кете элек жатып, мурдагы дата менен кол алдында иштеген кызматкери анын айткандарына көнбөй коюп, экөө ортосундагы болгон сөздөрдү коомчулукка жарыялагандыгына байланыштуу аны жумуштан кетиргени да туура эмес экендигин белгилейт. — Ал муну отставкага кете элек жатып кылганы — бул мындан ары да ар бир келген кызматкер жетекчиге баш ийиш керек дегенди түшүндүрүп калууда. Менимче, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «жетекчи тарабынан ыдык көрсөтүлгөн» деп маалымат тараткан кызматкердин жумуштан алынышы боюнча бир чара көрүүсү тийиш. Биз, коомчулук, мындай фактыларды көз жумуп, жаап-жашырып калтыра бербешибиз керек. Мамлекеттик кызматтарда иштеген айымдарды колдошубуз абзел. Кыргызстанда ар бир иштеген аял киши мыйзам боюнча кордолбой, тескерисинче, корголушу тийиш. Ошондой эле, аялдар ар тараптан камсыздалып, аларга жогорудагыдай мамиле эркектер тарабынан жасалуусуна жол берилбөөсү керек, — дейт Табылды Акеров.

Негизи эле жумуш табуу аял үчүн кыйын эле. Дегеле мамлекеттик кызматтарда жылуу-жумшак орун табуу оңой эмес. Тааныш-билиш, тууганчылык жайың жок болсо, ал жерде көпкө иштей албайсың. Төшөк аркылуу жумуштан көтөрүлүп, улам командировкалап жургөндөрдү деле билип-көрүп жүрөбүз. Андайларга көз жуумп койгон адатыбыз бар. Бирөөнүн жеке жашоосуна кийлигишип эмне кылабыз деген нерседен чыга элекпиз. Бирок ошол орунда өзүнүн кесибин тың билген, кесипкөй адис отуруп, ишин аткарса мамлекет кичине өнүксө Сингапурдай болбосок дагы бир жылыш болоор беле деген ой калат…(авт).

Ооба, мындай көрүнүштөрдү жаап-жашырган кыз-келиндерде да күнөө бар деңизчи, бирок, жетекчилер да кол алдындагы кызматкеринен ишке гана талап койгону туура болот. Эгерде кызматкердин тажрыйбасы жок болуп, иш билги жөндөмдүүлүгү жок болсо, ага башка альтернативалык жолдорду сунуштоо моралдык да физикалык да жактан туура эмес. Ошол кызматкер ээлеген кызматына дал келип, бүт талаптарга жооп бергидей болуп, жоопкерчиликтүү болсо, кынтыксыз иш аткарса, ага эч ким сөз да айта албайт.

Октябрь айынын ичинде эле интимдик мамилеге барып келүү фактысы 2 жолу катталды

Аялдан 10 000 сом пара талап кылып  кармалган Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнын тергөөчүсү аны интимдик мамилеге мажбурлап, автоунаасын өзүнө каттатып берүүнү сураган.

Аял өзүнүн уулун чаап жиберип, бала атасына даттанып айтып барган. Ал милицияга арыз жазган. Милиция бөлүмүндө тергөөчү аялга баладан баш тартуу арызын жазууну сунуштап, антпесе кылмыш ишин козгоого туура келет деп түшүндүргөн. Ошондой эле жарандык мамилелер боюнча иштин оң чечилиши үчүн тергөөчү аялдан 10 000 сом жана ага катталган автоунааны өзүнө каттатып берүүнү талап кылган. Кийин алар чогуу шаардын четине чыгышып, машиненин салонунун тергөөчү аялга төшөк мамилесин сунуштаган.

Эске салсак, буга чейин ИИМ менен ЭКККМК менен биргеликте Свердлов районунун ИИБнын тергөө кызматынын С.Н. аттуу тергөөчүсүн 10 000 сом өлчөмүндө пара опузалаганы үчүн кармашкан. Тергөөнү Финполиция жүргүзүп жатканы белгиленген.

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин лифтинде белгисиз эркек кучактоого аракет кылганын жазган.

“Лифтте ЖКнын кызматкери тамашалашып атып, кучактаганга аракет кылды. Талкуулап, депутатка кол көтөрүүнүн арты жаман болорун айтканымда, ал мен катардагы кызматкер экен деп ойлоп алыпмын деди. Анын аял-кесиптештери муну тамашага айлантып койчу экен. Ворк харассмент тууралуу билүүгө бул нерсе жетиштүү” деп жазат депутат.

Журналисттердин суроосуна жооп берип, ал буга чейин мамлекеттик мекемелердин ичиндеги ворк-харассмент тууралуу көп эле угуп жүргөнүн, бирок өзү биринчи жолу туш болуп жатканын айткан.

“Мен шок абалынан чыкканча ал кетип калды, ким экенин деле билбей калдым. Ошондуктан, эми ага эч кандай чара көрүлбөйт” деген эл өкүлү.

Харассмент деген эмне?

Харассмент – бул юридикалык термин менен бекитилген эмес. Бирок бул терминден кимдир бирөөгө болгон олдоксон тамаша, кыймыл-аракет, жест, үн чыгаруу, мазактоо, сексуалдык ыдык көрсөтүүнү түшүнсө болот.

АКШда кандай?

Америкалык Жумушка орношууда бирдей укуктарга ээ болуу комиссиясыныны 2016-жылы жарыялаган докладында кесиптештердин үстүнөн арыздануунун жарымы харресмент боюнча болгон. Көпчүлүк учурда сексуалдык мүнөздөгү куугунтуктоо. Harvard Business Review тарабынан жазылган макалада харассментке кабылган америкалык айымдардын үчтөн бир бөлүгү гана бул тууралуу билдиришкен. Калгандары уялганынан жана жумушунан айрылып калуудан коркконунан эч кимге бул тууралуу айтышпайт.

Кыргызстанда бул маселе айтылбаганы менен мындай учурлар бар

 Аялдарга карата сексуалдык мүнөздөгү куугунтуктоо биздин коомдо ачык талкууга алынбагандыктан, чоң көйгөйлөрдүн бири катары калууда. Буга чейин дагы мамлекеттик мекемелерде ворк-харассмент бар экени тууралуу айтылып келген менен, ачык чыгып бул боюнча айткандан кыргыз коомчулугунун аялдары айбыгып келишет. Кыргыз коомчулугунун эркектеринин көпчүлүгү бул жоруктарын аялдарга комплимент катары эсептешерин билдиришкен. Бишкектин коомдук транспортторунун ичинде лагы көбүнчө аялдар сексуалдык ыдык көрөрүн билдирген учурлар дагы болгон.

Бул көрүнүшкө каршы мыйзам барбы?

Кандай гана жумуш болбосун, жетекчи кол алдындагы кызматкерди мажбурлап иштөөгө акысы жок. “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын 21-беренесинде жумуш берүүчү, тагыраагы, жетекчи кызматкерлерине сексуалдык мүнөздө ыдык көрсөтө албайт,  гендердик дискриминацияга кабылып арыз жазгандыгы үчүн кызматкердин үстүнөн басмырлоого тыюу салынат. Негизи жумуш берүүчү бул мыйзамды аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек, бирок кылмыш-жаза кодексинде жаза көрсөтүлгөн эмес. Анда “сексуалдык куугунтуктоо” термини жазылган эмес.

Юристтердин айтымында, куугунтуктоочу агрессиялык кыймыл аракети үчүн жоопкерчиликке тартылат делгени менен, эч бир кодексте “сексуалдык куугунтуктоо” термини жок. Мындай учурда укук коргоочулар кыймыл аркетке кандай аныктама беришет?

Кылмыш кодексинин “Сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук аракети” беренеси боюнча, эгереде куугунтуктоочу тарабынан коркутуу же зордук-зомбулук аракети болсо, алсыз абалынан же көз карандуулугунан пайдаланса жоопкерчиликке тартууга болот.

Мындай мыйзам жок болсо эмне кылам?

Мындай мыйзам жок болгону менен сиз эгер жетекчилик, же кесиптешиңиз тарабынан ыдык көрүп жумуштан кетип жаткан болсоңуз сотко кайрыла аласыз. Бул жерде дискриминация беренеси менен кароого мүмкүнчүлүк бар. Андыктан сизде аныктаган фактылар колуңузда болуусу тийиш. Ал сиздин жетекчилик тарапка болгон аргументтериңиз, алибиңиз болот.

Сотко берейин деп жатам, эмне кылуум керек?

Аудио, видео, сүрөттөр

Ишке тиешелүү болгон фактыларды чогултуңуз. Жетекчиңиздин сизге жазган смс-билдирүүлөрүн скриншот кылып сактаңыз, анын сизге ыдык көрсөткөндөрүн диктофонго жаздырып алганга, видеого тартып алганга аракет кылыңыз. Укук коргоочулар менен милиция кызматкерлери сиздин жетекчиликтин каралоо максатында эмес, чын-төгүнүн айтып жатканыңызды далилдешиңиз тийиш. Сиз дагы айтканыңызга жооп беришиңиз абзел.

Эң башкысы, башында эле анын бул аракеттери сизге жакпай жатканын, экинчи мындай кылбашы керектигин ачык айтыңыз.

Мүмкүн болсо башка кесиптештериңизге дагы бул көйгөйдү ачык айтып, ыдык көрсөтүп аткан адамдан алыс отургузуусун сураныңыз. Соттошуп калсаңыз бул адамдар сизге күбө болуп беришет.

Негизи эле жумуш табуу аял үчүн кыйын эле. Дегеле мамлекеттик кызматтарда жылуу-жумшак орун табуу оңой эмес. Тааныш-билиш, тууганчылык жайың жок болсо, ал жерде көпкө иштей албайсың. Төшөк аркылуу жумуштан көтөрүлүп, улам командировкалап жургөндөрдү деле билип-көрүп жүрөбүз. Андайларга көз жуумп койгон адатыбыз бар. Бирөөнүн жеке жашоосуна кийлигишип эмне кылабыз деген нерседен чыга элекпиз. Бирок ошол орунда өзүнүн кесибин тың билген, кесипкөй адис отуруп, ишин аткарса мамлекет кичине өнүксө Сингапурдай болбосок дагы бир жылыш болоор беле деген ой калат…

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова: «Интим сунуштаган жетекчиге 163-берене бар»

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Еlgezit.kg берген маалыматына караганда, директор тарабынан ыдык көргөн дагы бир келин ал жетектеген «Кылым шамы» клиникасына кайрылган. Анын айтымында, келин учурда жетекчисине карата арыз жазат. — Учурда ага жактоочу тарабынан жардам берилип жатат. Ал эми жетекчинин мындай кылганы мыйзамда 163-беренеде бар. Бул кылганы үчүн ал толук жооп берүүсү керек, ал эми жумуштан айдалган келин кайра жумушуна орношту, — дейт укук коргоочу.

«Жетекчиси «мени менен мейманканага барасын» деп талап кылган жаш келинге адвокаттан жардам бердик. Бүгүн биринчи беттешүү… » — деп билдирет укук коргоочу Азиза Абдирасулова.

  • Барбайм» деп койсо кутулмак да. Сүйрөмөк беле ?
    • Азиза Абдирасулова Жетекчиси суранган эмес, талап кылган, барасын деп. Барбасан иштен кетирем деп коркуткан. Ишканада бир нече жолу аны кучактап, опконго аракет кылганын күбөлөр келип айтып беришти. Мурун да бир жаш кызга ушундай мамиле жасап, ал жумуштан чыгып кеткен экен. Ал кыз да келди, «арыз жазсам болобу, күбөлөрүм бар» дейт. «Жазсан болот, мурун эле жазышын керек эле» дедим.
  • Карабаева Айсалкын Аткан созу учун жооп бериш керек
  • Гулжан Шерипбаева  Ал кыз өз укугун билбейби? Ооба барам, деп туруп жылаңач тартып алыш керек эле!2
    • Гулжан Шерипбаева Bermet Orunbaeva Азыр созула берсең маскара кылып алышат, кыздар бекем болуш керек! Шантаж кылган тасма деле билинип турат…эркек тийишпесе кантип шантаж кылат…кыз айтабы «жүрүңүз мейманканага баралы», деп…
  • Gulnura Narmanbetova Кыз-келиндер жаманатты болуп кала беришет айтып,ыйлап-сактап.Мындай болбош керек,моралдык жоопкерчиликке бирдей талап кылып үйрөнөлү.
Мурунку жетекчи Жаныбек Дүйшеев

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.