Алай элинин өз уулуна айланган Алтынбек Абылов

Аналитика, Статьялар 29 Окт 2019 10:39
0 ой-пикир

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата…

Өзү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда туулуп өскөнү менен, аны көпчүлүк “алайлык жигит” деп билишет. Анын себеби бар, он жылдан ашуун Алай районунда калктын тынчтыгын, коомчулуктун коопсуздугун камсыздоого салым кошуп, Алай элинин өз уулуна айланган. Анда эмесе таанышып алыңыздар: Алай РИИБдин башчысынын сырткы кызматтар боюнча орун басары, милициянын майору Абылов Алтынбек Сайфуллаевич.

КЫШЫ СЕГИЗ АЙГА СОЗУЛГАН АЙЫЛ БАР…

…Алай районундагы Сары-Таш айылы деңиз деңгээлинен 3615 метр бийиктикте жайгашкан, аймакта кышкысын өтө суук, жазы кыска. Айтылуу Талдык ашуусун ашып, жай мезгилинде барсак да, аба-ырайы салкын эле. Деңиз деңгээлинен бийик жайгашкандыктан, кан басымы жогору адамдар гана эмес, дени сак адамдар үчүн да бул аймакка көнүп, жашап кетүү абдан кыйынчылыкты түзөт. Жайдын толуп турган кезинде айлана кадимкидей салкын экен, аңгыча мөндүр аралаш жамгыр төгүп жиберген болчу…

Мына ушул катаал аймактагы калктын коопсуздугун камсыздап келе жаткан Сары-Таш айылдык милиция бөлүмүнөн кабар алып, кесиптештерибиз менен маек курганбыз. Бөлүм учурда Сары-Таш, Сары-Могол, Талды-Суу айыл өкмөттөрүн тейлеп келет, калкынын саны 10миңден ашуун. Кытай, Тажикстан менен чектешип турган аймакта суук сентябрь айынан башталып, кыш оор түшөт. Талдык, Тоңмурун ашуулары аркылуу өткөн жолдордо кар күрткүлөр жаралып, автоунаалар өтө албай калган учурлар байма-бай кезигет. Андай учурда кабар биринчи болуп милиция бөлүмүнө берилет. Өзгөчө кырдаалдар кызматынын ролун аткарган милициялар жолдо калган жүргүнчүлөрдү бөлүмгө алып келип ысык чайын берип, автоунаасын күрткүдөн чыгарып берген ж.б. учурлар кадимки күнүмдүк көрүнүш дешет. Кимдир-бирөө ооруп калса да, свет өчсө да жарандар милицияга кайрылышат, анткени алар сөзсүз түрдө жардам аларына толук ишенишет..

Эл менен эң тыгыз байланышта иш жүргүзүп келе жаткан, милициянын жүзү катары таанылган дал ушул айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери эмеспи. Милициянын кандай иштеп жатканына баа берип, акты ак, караны кара деген карапайым эл. Эл арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде Сары-Таш айылдык милиция бөлүмү “эң мыкты иштеп жаткан бөлүм” деп табылыптыр. Эл эмгекти баалай билет деген ушул эмеспи…

“МИЛИЦИЯНЫН КҮНҮ-ТҮНҮ ИШТЕГЕНИН ЖАКТЫРЧУМУН…”

Жогоруда Сары-Таш айылдык милиция бөлүмү тууралуу бекеринен сөз кылган жокпуз, анткени каарманыбыз, милициянын майору Алтынбек Абылов аталган милиция бөлүмүн жетектеп турган кезде ага жолуккан элек. Милиция бөлүмү эл оозуна алынып, алгылыктуу иштер жаралып жатканынан кабардар болгонбуз. Бир нукка салынган иш калыбынан чыкпай кете берет эмеспи, бөлүмдүн жигиттери бүгүн да бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымактуу иш жүргүзүп келишет дешти…

…Алгач Алтынбектин балалыгы тууралуу кеп кылып калдык. Кара-Суу районунда туулуп өскөн каарманым, балалыгы өзү теңдүү балдар менен чыбыктан ат минип, айылдын жолдорунун чаңын асманга чыгара ат чаап жүрүп өткөнүн жылмаюу менен эскерди. “Бала кезимден эле милиция боломун дегендердин катарын толуктап турсам керек эле,-дейт кебин улаган каарманым,-милициянын күнү-түнү иштейт дегенин билчүмүн, эмнегедир дал ошентип иштегенин жактырчумун…” Аруу максатын ишке ашырууну көздөгөн жигит ИИМдин Академиясына тапшырууга жол алат, бирок капыс жерден сокур ичеги оорусуна кабылып, кыялы ишке ашпай калат… Кийинки жылы Алтынбектин үй-бүлөсүндөгүлөр ага башка окуу жайына тапшырууну сунушташат, биздин жигит: “жок, кереги жок! Мен милиция боломун!” деп моюн толгон туруп алат. Өжөрлүктүн пайдасы тийди белем, оомат ташы Алтынбек жакты көздөй кулап, ата-энеси уруксатын берет. Ошентип Алтынбек үчүн ИИМдин Академиясынын эшиги ачылган экен…

АЛАЙДЫН АЙЫЛДАРЫН түрө КЫДЫРЫП…

2004-жылы окуусун ийгиликтүү аяктаган милициянын лейтенанты Алтынбек Абылов Алай райондук ички иштер бөлүмүнө жолдомо менен жөнөтүлөт. Андан кийинки жылдары Кара-Кулжа РИИБге караштуу Алайкуу өрөөнүндө жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында тескөөчү, аймактык тескөөчү, Ош ОИИБде баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүндө ыкчам кызматкер болуп кызмат өтөйт. Кайрадан Алай РИИБге которулган А.Абылов Сары-Могол айылдык милиция бөлүмүнө башчы болуп бекитилет. Эл менен иштөөнүн сырларын ошол мезгилден баштап өздөштүрө баштаган Алтынбек Абылов аймактагы кырдаалды жөнгө салып, милициянын эл арасындагы кадыр-баркынын өсүшүнө маани берет. 2016-жылы мыкты жетекчи катары милициянын майору Алтынбек Абылов Сары-Таш айылдык милиция бөлүмүнө жетекчи болуп которулат. Сары-Таштагы алгылыктуу иштерди болсо жогоруда айтып өттүк, кайталоонун кажети жок, окурман. Андыктан Алайдын айылдарын түрө кыдырып, иштин ийгиликтүү жүрүшүнүн сырын өздөштүргөн Алтынбек Абыловдун райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп дайындалганы туура чечим болгонун айттырбай түшүнүп турабыз…

Үй-бүлөсү менен

СЫЛЫК СҮЙЛӨП, СЫРДАШ ТАПСАҢ БОЛОТ ДЕЙТ…

Кеп арасында маектешим менен милиция менен элдин ортосундагы мамилени бекемдөөнүн жолдорун талкуулап калдык. Кандай гана учур болбосун, “жылуу сүйлөп жыланды ийинден чыгарса болот” дегендей, эл менен сылык-сыпаа мамиле түзө билүү 1-маселе экенин айтат Абылов. “Ачуусу шакардай кайнап турган адам да сенин жылуу-жумшак мамилеңди, кабак-кашыңды көргөндөн кийин, жумшарып тилге келет эмеспи. Анан чечилип сүйлөп, сыр бөлүшөт ал адам сени менен. Ошентип ага-ини, дос табасың эл арасынан..”,-дейт бул тууралуу милициянын майору. Эл менен иштеп жүргөн учурда дагы бир орчундуу маселе-жөө жүрүп эл аралоо деген А.Абылов, аймактык тескөөчү болуп Будалык айылында алты жыл иштеген учурда жалаң гана жөө жүргөнүн эскерет. Жөө жүргөндүн пайдасы ушул-ар бир үйдүн үрүп чыккан итине чейин жатка билип алууга туура келет. “Автоунаа деле жок болчу, ошентип жөө жүрүп элдин баарына таанылып бүттүм. Азыр да барсам баары учурашып, сый көрсөтүп турушат, алтургай мени ошол Будалык айылынан деп ойлошот экен. Айылда бир аксакал бар, ошол кишинин небересимин деп коем мен да компоюп…”-деп жылмайып алды Алтынбек мырза.

Күнүмдүк ишинде тактыкка, тартипке көңүл буруп, форманы сыйлай билүү керектигин эстен чыгарбаган милициянын майору Алтынбек Абыловдун жооптуу кызматтык ордунда чоң жетишкендиктерди каалоо менен кеп соңуна чыгалы анда…

Ырысбүбү Сагымбаева
ИИМдин Басма сөз кызматы


Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.