Жол кырсыгы: Көз жара турган аял көз жумду

Окуялар тизмеги 28 Окт 2019 15:45
0 ой-пикир

Бишкекте жол кырсыгынан кош бойлуу айым каза болду. 

Бул тууралуу ЖККББнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  27-октябрдан 28-октябрга караган түнү болжол менен 00:30да  «Мерседес-Бенц» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, мамыны, андан кийин жүк ташуучу унааны сүзгөн.  №4 шаардык оорукананы жандандыруу бөлүмүнө 32 жаштагы К.Д. 35 жаштагы айдоочу А.А. жана дагы бир А.О. аттуу жүргүнчү жеткирилген. 

Тилекке каршы, кош бойлуу аял өзүнө келе албай көз жумган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.