Бишкекте жол кырсыгынан кош бойлуу айым каза болду.
Бул тууралуу ЖККББнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-октябрдан 28-октябрга караган түнү болжол менен 00:30да «Мерседес-Бенц» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, мамыны, андан кийин жүк ташуучу унааны сүзгөн. №4 шаардык оорукананы жандандыруу бөлүмүнө 32 жаштагы К.Д. 35 жаштагы айдоочу А.А. жана дагы бир А.О. аттуу жүргүнчү жеткирилген.
Тилекке каршы, кош бойлуу аял өзүнө келе албай көз жумган.