Жазгүл Урмамбетова — атайын Еlgezit.kg үчүн
2019-жыл мурунку жылдарга салыштырмалуу кылмыштар көп катталды. Буга себеп — жумуштун жоктугу, психикалык жактан жабыркоо, ич күйдүүлүк, өч алуу, оңой жол менен акча табуу болуп саналат. Катардагы майда кылмыштарды эске албаганда, чоң кылмыштар өтө эле көп катталды. Алардын арасында албетте, киши өлтүрүү эң чоң кылмыш экени белгилүү. Дал ушул адам өлтүрүү, адамдын ден соолугуна залал келтирүү сыяктуу кылмыштар саясат менен коштолгону жанды кейитет.
Еlgezit.kg порталы 2019-жылдагы үрөй учурган орчундуу деп эсептелген кылмыштардын айрымын гана назарыңыздарга салат…
Өлкө ичинде кылмыштардын саны 2019-жылы 3 эсеге өскөндүгү парламенттин жогорку трибунансынан айтылды. Бул тууралуу депутат Тынчтык Шайназаров 24-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анда 2019-жылы катталган кылмыш-жоруктардын жалпы саны 4463 миңге жеткени маалым болду.
«Быйылкы жылдын 1-январынан тарта кылмыш-жоруктардын жаңы кодекси ишке кирген. Ага ылайык, тергөө кызматындагылардын жүктөмдөрү тууралуу айтылган. Учурда өлкө боюнча кылмыштардын саны кескин түрдө көбөйүп кетти. Алсак, УКМКнын ар бир тергөөчүсүнө 141 кылмыш иши туура келип калды», — деди ал.
Депутат кырдаалга жараша укук коргоо органдарындагы штатты көбөйтүү керектигин кошумчалады.
Саясат аралашкан кылмыш
Буга Алмазбек Атамбаевди кармоодо каза болгон жоокер, маркум Үсөнбек Ниязбеков өлтүрүлүшү болду.
Кой-Ташта 2019-жылдын 7-августундагы атайын операция эми тарыхта кара так менен жазылып калды. Ошол күнү кечке жуук УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн, бирок андан майнап чыккан эмес. Кагылышуудан 98 киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон. Тагыраагы, Үсөнбек Ниязбеков жан берген. Алмазбек Атамбаев куралдан өзү жалгыз ок чыгарганын айткан. Бирок ал маалымат такталып, кийин 24 жаштагы жигит атканы тууралуу айтылган.
«Балам Үсөнбек өзү алты жыл кызмат кылган мурдагы президент, башкы командачы тарабынан ажал табам деп үч уктаса түшүнө кирбесе керек»
Кийинчерээк маркумдун апасы Өктөм Мамаева «Атамбаевди колдогондорго наалат», -деп ачуусу менен айткан.
Эртең менен 8-августта саат алтыда өзү менен чогуу болгон жоокерлер “Үсөн погиб” деп келинчегине айтышты. Бир чети ошол учурда “22 жаштагы жоокер, каза болду” деген да маалыматтар чыгып аткандыктан, өзумдү сооротуп,”ии дагы бир эне күйүткө батты го” деп кейип, ишенбей аткам.
«Саат 7-8дерде машина таап келип, келиним экөөбүз ооруканага бардык. Көрсө, Үсөндү түңкү 11де эле тез жардам алып кеткен экен. Бирок кан көп кеткендиктен, өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбоптур. Ок өпкөдөн кирип, жүрөктү тешип чыгып кетиптир. Ошол түнү эле 12:50дө столдун үстүндө жан бериптир…»
Ошондой эле, ушул эле операцияда Самат Курманкуловдун мээси чайкалып, оор жаракат алган. Ага Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда баш сөөктү тешүү (трепанация) жолу менен операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Кийин аны Орусиянын Москва шаарындагы Бурденко атындагы Нейрохирургия борборуна дарыланууга жөнөтүшкөн.
Өч алуу максатында кожоюнун уулун өлтүргөн
Үрөй учурган кылмыш фактысы боюнча Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жеке ишкердин 7 жаштагы баласын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү делип кармалган адамды Ноокен райондук соту өмүр бою эркинен ажыратты.
Ноокен райондук сотунун 2019-жылдын 1-июлундагы өкүмү менен А.Х.М. КРнын Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-4-5-9-14-15-пункттары (Киши өлтүрүү: мыкаачылык менен; бейбаштык максатта; пайда көздөө максатында же жалдоо менен; каракчылык, опузалап акча талап кылуу же террордук акт; адамды уурдоо же барымтага алуу) менен күнөөлүү деп табылып, 100 000 сом айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган.
Окуянын чоо-жайы
Окуя ушул жылдын 4-апрель күнү Ноокен районуна караштуу Масы айылында болгон. Кылмышка шектелген 22 жаштагы жигит менен маркум окуучунун атасынын ортосунда акчага байланышкан маселе жаралган.
5-апрелде саат 00:25 чамасында Ноокен РИИБге Масы айылынын 1983-жылы туулган тургуну С.З. арыз менен кайрылган. Анын арызында 1-класста окуган уулу — 2012-жылы төрөлгөн Т.А. 4-апрелде дайынсыз жоголгону жазылган. Саат 12:00 чамасында белгисиз адамдар баланы айылдан алып кетишкен. Анын арызы Жазык кодексиндеги 170-берененин (адам уурдоо) негизинде каттоого алынган.
Киши колдуу болуп көз жумган баланын атасы:
«Шектүү жигит буга чейин менин колумда иштечү. Жумушту жакшы өздөштүрүп кеткендиктен көңүлүмө туура келип, ишин улантып жаткан. Ишеничке кирип алган соң, кампадан курулуш материалдарын уурдап жатканын аны менен чогуу иштеген балдар айткандан кийин көңүлүм сууп калды. Иштеп жүргөн учурда үйүмдүн курулуш иштерин бүтүрүп алайын деп менден 150 миң сомго жакын товар алган болчу. Иштен чыгаар алдында алган карыздарын араң өндүрүп алган болчумун. Ал ортодо курулуш материалдарын дүң баада саткан дүкөндөрдөн, уюлдук телефон саткан кеңселерден менин атымды жаздырып, карызга буюм алган экен. Арадан бир жыл өткөндөн кийин да аны жумушка алуумду, карызга товар берип турууну өтүнүп келип жүрдү. Бирок мен аны жумушка алган жокмун. Мурда биз менен чогуу иштеп жүргөндүктөнбү 7 жаштагы уулум менен мамилеси бир туугандай жакшы болуп калган. Уулум дагы аны аябай жакшы көрүп, ага деп жанында жүрчү.
4-апрель күнү мен дүкөндө соода кылып отургам. Уулум мектептен келип, үйгө кирип кетти. Негизи мектептен келгенде кийимдерин алмаштырып чыгып, мага каралашчу. Кечирээк үйгө келсем уулум жок, өз алдыбызча издей баштадык. Түнкү 24:00 чамасында милицияга кабар бердик. Ушул эле күнү баламды өлтүргөн жигит 3-4 жолу келип, чоң өлчөмдө курулуш материал керектигин айтканда мен берген эмесмин. Көрсө ал уулумду үйдүн артынан алып чыгып, талаага алып барып муунтуп өлтүрүп койгондон кийин мага келиптир.
Уулум мага аябай жакын болчу. Муну билген шектүү атайын жасады. Ата үчүн эң оору баласынын сөөгүн өлүкканадан көрүү экен. Мен өлүкканага барганда баламдын башы чабылган, тили чыгып, бети-башы ылай болуп калган экен. Кантип адам баласы ушундай кадамга барсын?», — дейт маркум баланын атасы.
Ал белгилегендей, чынында эле ага телефон аркылуу белгисиз адам байланышып, 120 миң доллар талап кылган.
Жалал-Абад ОИИБдин жана Ноокен РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлеринен ыкчам тергөө тобу түзүлгөн.
Башкы прокуратура эмне дейт?
1-январдан бери Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 120 миңдей иш катталган. Алардын 47 миңи боюнча соттук өндүрүштөр аяктаган. Башкы прокуратура тутум улам жаңыланып жаткандыктан жер-жерлердеги укук коргоо органдарынын арасында окутуулар токтобой турганын билдирүүдө.
Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө. Өлкөдөгү кылмыштуулуктун абалына дал ушул жерден байкоо жүргүзүлөт. Сотко чейинки өндүрүшкө алынган иштердин санын талдасак, ар аймактарда калктын санына жараша статистиканы көрүүгө болот.
2019-жылдын 1-январынан тартып тогуз айдын ичинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 120 миңден ашуун сотко чейинки өндүрүш катталган. Алардын 64 миңи кылмыштар болсо, 56 миңден ашууну жоруктар. Сот чечими чыккан, өндүрүшү аяктаган иштердин саны 47 миңден ашат. Калган 73 миңден ашууну учурда каттоодо. Аларды аймактарга бөлө турган болсок көпчүлүгү же 48 пайызы Бишкекке таандык.
Борбор калаада 20749 кылмыш жана 14840 жорук сотко чейинки өндүрүштө. Ош шаарында 2388 кылмыш, 1244 жорук, Чүй облусунда 9538 кылмыш, 7164 жорук, Ысык-Көл облусунда 2351 кылмыш, 1645 жорук, Нарында 989 кылмыш, 988 жорук, Таласта 608 кылмыш, 663 жорук, Ош облусунда 2348 кылмыш, 1572 жорук, Жалал-Абадда 2618 кылмыш, 1599 жорук каттоодо турат. Баткенде 1080 кылмыш иши жана 631 жорук сотко чейинки өндүрүштө.
Башкы прокуратура Реестр улам жаңыланып, кошумча функциялар ишке киригизилип жатканын билдирүүдө. Эми сот органдарынын, Жазаларды аткаруу кызматынын жана Юстиция министрлигинин маалымат базалары менен байланыш түзүлөт.
Буга чейин көптөгөн кылмыш иштери негизсиз кыскарып жатат деп коомчулукта укук коргоо органдарына карата дооматтар айтылып келген. Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри мындай алешемдиктерге жол бербөө максатында ишке киргизилген. Көзөмөл органы мындай ишенимди кайсы бир иш тутум аркылуу каттоого алынгандан кийин милиция же дагы башка кызмат адамы өз алдынча токтотуп сала албайт деген жүйөө менен бекемдейт.
Бирдиктүү реестр сот-укуктук реформанын алкагында жыл башынан бери иштей баштады. Дал ошол 1-январдан тартып “Кылмыштар менен жоруктардын” кодекси да күчүнө кирген.
«Мадина» базарынын ишкерин уурдоо жана өлтүрүү
Хуфур Абдурахеман — Кытайдан келген этникалык уйгур, алты баланын атасы. Ал Бишкектин Мадина базарынын жанындагы «Мадина» базарынын ишкери болгон. Абдурахеман 4-октябрда жоголуп кеткен, анын агасы эртеси күнү бул тууралуу арыз менен милицияга кайрылган.
Анын агасынын айтымында, ошол күнү Хуфур ак түстөгү BMW Х5 үлгүсүндөгү автоунаасы менен «Мадина» базарынан «Дордой» базарын көздөй чыгып кеткен бойдон келген эмес. Арызды анын агасы жазган, кайрылуу «Адам уурдоо» беренеси боюнча катталган.
Арадан дээрлик эки апта өткөндөн кийин милициянын кызматкерлери сегиз шектүү адамды кармашкан жана алардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү бар болгон. Алар көрсөтмө беришип, эркек киши уурдап кетип, өлүтүрүшкөнүн, ал эми анын сөөгүн Нарындын Кочкор айылынын чет жаксында жолдон болжол менен 150 метр алыстыкта көмүп коюшканын айтып беришкен. Хуфур Абдурахемандын сөөгү 19-октябрга караган түнү табылган.
Эки шектүү адам ар кайсы убакта милицияда иштеген. ИИМдин маалыматы боюнча, алар «мыйзам бузган окуяга аралашканы үчүн» кызматтан айдалган. Тергөө алардын бирөөсү уурдоону уюштурган, ал эми экинчиси бизнесменди өлтүргүн деп шектөөдө.
Мындан тышкары, адам өлтүрүүгө Ысык-Көл облусунда туулган 29 жаштагы адам менен 33 жаштагы Казакстандын атуулу шектелүүдө. Азыр төртөө тең №1 ТИЗОго эки айга киргизилген.
Кармалгандардын дагы төртөөсү иш боюнча күбө катары өтүүдө. Алардын арасында уурдалган машинанын ыктымал сатуучусу бар. Ал ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган. Машинаны сатып алган адам да күбө катары өтүп жатат. Ал Чүй облусундагы «Сосновка» көзөмөл өткөрмө пунктунда чек арадан өтүп кетүү аракети учурунда, кара түскө боёлуп, жасалма номерлер тагылган BMW X5 машинасын башкарып баратканда кармалган.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев криминал инвесторлордун ишине кедергисин тийгизип, алар өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз экенин ЖКнын жыйынында билдирди.
Жанарбек Акаев жеке ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмүнө байланыштуу парламентте маселе көтөрүп, бул фактыны өлкөдөгү криминалдын күчөшү катары сыпаттады. Ал ишкерлерди коргой албаганы үчүн өкмөттү айыптады.
— Өткөн жумада «Мадина» кафесинин ээси мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Бул бүтүндөй бизнеске, ишкерлерге чоң сокку болду. Мамлекет, өкмөт ушундай маселеде өзүнүн алсыздыгын көрсөтүп жатат. Криминал азыр Кыргызстанда кадимкидей баш көтөрдү. Мына, Кыргызстандан чыгып кеткен акчанын суммасын карагыла, жарым жылда 247 миллион сом акча чыгарылып кетти. Жалаң эле чоң компаниялар эмес, азыр орто бизнестин өкүлдөрү да акчасын өлкөдө чыгарып кетип жатат. ИИМ болсо криминал менен күрөшпөй отурат. Макул, чоң реформаларга акча керек, бюджетте акча жок дейли, бирок ушул криминал менен күрөшкөнгө, кылмыш дүйнөсүнүн «авторитеттерин» четинен түрмөгө тыкканга да акча керекпи? Буга саясий эрк гана керек, — деди Акаев.
Эл өкүлү ошондой эле ушундай шартта сырттан инвестиция тартуу аракетинен эч кандай майнап чыкпай турганын эскертти.
Ишкер Хуфур Абдурахеман 4-октябрдан бери дайынсыз болуп, анын сөөгү 19-октябрда Нарындын Кочкор районунан табылган. Милиция алгач аны өлтүрүүгө байланыштуу шектүү катары төрт киши кармалганын кабарласа, кийинчерээк Ички иштер министрлиги сегиз киши колго түшүрүлгөнүн жарыялаган.
39 жаштагы жаш ишкер Хуфур Абдурахемандын сөөгү Кытайга коюлду.
Оор кылмыштардын катарына дагы ушул жылдын 28-августтагы орун алган Жал кичирайонунда болуп өткөн адам сабоо кылмышын айта кетпесек болбойт. Түшүнбөстүктөн улам бейтааныш адамдардан таяк жегендер комадан көпкө чейин чыга албай, ооруканада жатышкан. Кылмышка шектүү Бапышев Жаныбек менен анын досу, экинчи шектүү Сейитбеков Калыс өзүлөрү милицияга келишкен. Окуя болгон жерге келип, сабаганга шектүүлөрдү кармабастан, бошотуп жиберген милиция кызматкерлерине да кылмыш иши козголгон.
P.S. Ушул жана ушуга шайкеш кылмыштар: уурулук, коррупция, опузалап акча талап кылуу, шылуундук, автокырсыктар ж.б.у.с. быйылкы жылдын төбө чачты тик тургузган кылмыштары деп эсептелди. Мунун катарында өзүн өзү өлтүрүү, кокустуктан же болбосо коргонуу максатында жасалган мотиви жок да кылмыштар бар экенин ИИМден билдиришти. Кандай болгон күндө да, адам баласы болгондон кийин кылмышты жасабоого аракет кылышы керек. Жашоодо ар кандай болот. Ачууң келип баратса, башка иштер менен алектенип, өзүңдү өзүң алаксытып, китеп окуса абдан жардамы тиерин психологдор айтышат. Кылмыштардын көбүн адам баласы психологиялык жабыркоодон улам жасап жатканы талашсыз.
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.